Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Шабданов: жалгыз иштеген дыйкандар келечекте кыйналып калышы мүмкүн

© Sputnik / Асель АкматалиеваЧлен Совета директоров Кыргызской фондовой биржи Алмаз Шабданов
Член Совета директоров Кыргызской фондовой биржи Алмаз Шабданов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз фондулук биржасынын директорлор кеңешинин мүчөсү Алмаз Шабданов дыйкандардын атайын уюму болушу керектигин айтты.
Бабакулов: Сауд Аравияга барган жаныбарлардын баары кайтып келет

Келечекте дыйкандар топ болуп иштебесе, кыйналып калат. Бул тууралуу Алмаз Шабданов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, дыйкандар дүйнөлүк бааларды карап, башка мамлекеттерде кайсы айыл чарба өсүмдүктөрүнө суроо-талап күч экенин изилдеп чыгышы керек.

"Өнүккөн мамлекеттерде ири өндүрүш компаниялары бар. Кыргызстанда жок дегенде аймактардагы дыйкандардын башын бириктирген бир уюм түзүлсө жакшы болмок. Алар дүйнөлүк бааларга анализ жүргүзүп, суроо-талап күч болгон айыл чарба продукцияларын өндүрүүгө аракет жасайт эле. Бир канча дыйкан биригип иштесе, пайда көбүрөөк келет. Ал эми жалгыз иштеген дыйкандар келечекте кыйналып калат. Айрым мамлекеттер өлкө ичиндеги атаандаштыкты жок кылуу максатында продукцияларын атайын арзан жиберип коюшу мүмкүн. Бул нерсени да эске алуу шарт", — деди Шабданов.

Ал дыйкандардын көйгөйлөрүн чечүүгө Кыргыз фондулук биржасы жардамга келерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0