Манасчы, манас таануучу, филология илимдеринин доктору Талантаалы Бакчиев

Бакчиев: "Манас" жана Айтматов академиясын түзүү чечими саясий кадам

259
Манасчы, манас таануучу, филология илимдеринин доктору Талантаалы Бакчиев "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясын түзүү кыргыз тарыхы үчүн маанилүү кадам экендигин айтты.
Бакчиев: "Манас" жана Айтматов академиясын түзүү чечими — саясий кадам

"Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясын түзүүнү саясий чечим деп түшүнөм. Мындай пикирин Талантаалы Бакчиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эгер Кыргызстан азыр бул кадамды жасаба, эртеңки күнү "Манас" эпосун башка улуттарга тарттырып жиберүүсү мүмкүн эле.

"Аталган академияны түзүү мезгил талабы болуп турган. Керек болсо убагынан кечигип бул темага кайтып келдик деп айта алам. Буга чейин эле мындай академия түзүлсө болмок. "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы бир эле адабиятты, элдик оозеки чыгармачылыкты, тарыхты колдоо эмес, саясий чечим деп түшүнүү керек. Анткени Кыргызстан азыр муну жасабаса, башка эл, башка өлкөлөр ишке ашырмак. Ошол эле Кытай Эл Республикасында азыркы күндө "Манас" жана гесер улуттук борборлору бар. Алар "Манас" академиясын ачып албайт деп ким кепилдик бере алат. Эгер мындан ары да улут байлыгы болгон эпоско кайдыгер мамиле кылып жүрө берсек, эртеңки күнү башка эл мындай институттарды ачса бармак тиштеп, баш чайкап калып калмакпыз", — деди Бакчиев.

Манасчы аталган эпосту улуттук идеологияга айландыруу да учур талабы болуп турганын кошумчалады.

259
Белгилер:
академия, саясат, Манас эпосу, Талантаалы Бакчиев
Тема боюнча
Манас 40 чоросу менен тору кунан берип кеткен. Балык Кумар уулу тууралуу 17 факты
Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова. Архив

Акматова: россиялык врачтар дарылоо протоколун таңуулаган жок

55
(жаңыланган 12:32 14.08.2020)
Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова Россиядан келген медиктердин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди.
Акматова: россиялык врачтар дарылоо протоколун таңуулаган жок

Россиядан келген медиктер коронавирустан башка оорулар боюнча дагы кеп-кеңештерин берип жатышты. Бул тууралуу Айнура Акматова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, коронавирус менен күрөшүү үчүн Россиядан келген ак халатчандар региондорго чейин барып иш алып барышууда.

Россиялык адис Кыргызстандагы COVID менен күрөш тууралуу жакшы кабар айтты

"Россиядан бир нече адистиктеги медиктер келишти. Алар Чүй, Талас, Нарын жана башка региондорго барганда "кызыл зоналарга" чейин кирип, бейтаптарды дарылоого көмөктөштү. Ошондой эле "таза зонадагы" бейтаптарды дарылоо боюнча дагы өз сунуштарын беришти. Мындан тышкары, дарылоону уюштуруу, ыкмаларды колдонуу жана башка жагдайлар менен таанышып, кеп-кеңештерин айтышты. Албетте, дарылоону өзүбүздүн дарыгерлер жүргүзүштү, бирок россиялык медиктер дагы четте карап турган жок. Айрым учурларда "россиялык врачтар өз протоколдорун таңуулап жатат" деген кептер айтылган. Андай болгон жок. Аларга Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан уюштурулган брифингде дарылоо протоколун колдонуу боюнча түшүндүрмөлөр берилген. Ошонун негизинде иш алып барылды", — деди Акматова.

Ошондой эле ал Россиядан келген медиктер кыргызстандык кесиптештеринин иши, элдин биримдиги тууралуу жакшы пикирлерин айтканын кошумчалады.

55
Белгилер:
аймактар, Россия, коронавирус, Айнура Акматова
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Боронов россиялык дарыгерлер менен сүйлөштү. Алар өкмөткө кандай сунуш айтты
Электр станциялары ААКсынын генералдык директорунун биринчи орун басары Таалайбек Бектенов. Архив

Бектенов: суу тартыштыгына карабастан быйыл жарык өчүрүлбөйт

15
Электр станциялары ААКсынын генералдык директорунун биринчи орун басары Таалайбек Бектенов ГЭСтен чыккан суу маал-маалы менен азайып-көбөйүп турарын билдирди.
Бектенов: суу тартыштыгына карабастан быйыл жарык өчүрүлбөйт

Суу аз келген мезгилге туш келип калдык. Ага карабастан өлкөнүн электр энергияга болгон муктаждыгын камсыздоо үчүн кызуу даярдыктар көрүлүүдө. Мындан улам быйыл жарык өчүрүлбөйт. Бул тууралуу Таалайбек Бектенов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, суунун аз же көп болушу негизинен күндүн ысышынан, жааган кардын көлөмүнөн көз каранды.

Кышында эл жарыксыз калбайбы? Жээнбековдун актуалдуу суроого жообу

"Токтогул суу сактагычынан чыккан суу трубина аркылуу өтүп, электр энергия чыгарылат. Ал эми авариялык учурдан улам суу кое берилиш керек болуп калса, ага техникалык жактан эле бир жума даярдык көрүлөт. Мындан тышкары, бизде каскаддык режим. Демек, Токтогул ГЭСинен чыккан суу дарыянын агымында жайгашкан Күрп-Сай, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, андан кийин Үч-Коргон ГЭСтерине барат. Ал жерде УКМК, Суу департаменти жана башка мекемелер тарабынан катуу көзөмөл жүргүзүлөт. Мындан улам суу сатуу үчүн эч кандай мүмкүнчүлүк жок. Мындай кептер байма-бай айтылып калат. Аны ГЭСтин ишин, энергетика тармагын түшүнбөгөн адамдар таратышы мүмкүн. ГЭСтен чыккан суу маал-маалы менен көбөйүп же азайып турат. Бул электр энергиясын колдонуу режимине жараша болот. Башкача айтканда, эртең менен жана кечке маал электр энергиясы көбүрөөк колдонулат. Бул үчүн көбүрөөк көлөмдө суу берилип, ошого жараша энергия иштелип чыгат. Бул эми кадимки эле физика. Ал эми суунун көлөмү мезгил-мезгили менен азайып-көбөйүшү күндүн ысышына, жааган кардын көлөмүнөн көз каранды. Муну көп жылдан бери эсептеп, анализдеп жүрөбүз. Быйыл суу аз келген убакыт болуп жатат. Ага карабастан өлкөдө жарык өчүрүлбөйт. Электр энергияга болгон муктаждыкты камсыздоо үчүн бардык даярдыктар жүрүп жатат", — деди Бектенов.

Жетекчи суу сактагычтын өзүндө видеобайкоо онлайн режимде иш алып барарын белгилеп, бардык каалоочулар көзөмөл жүргүзсө боло турганын кошумчалады.

15
Белгилер:
даярдык, ГЭС, электр энергиясы
Тема боюнча
Тынчсыздануу бар. Быйыл Токтогул суу сактагычында суу тартыш болору айтылды
Жайлоодо мал кайтарып жүргөн киши. Архивдик сүрөт

Ишембиге карата аба ырайы

0
(жаңыланган 21:01 14.08.2020)
15-августта түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ал эми республиканын калган аймактарында күн ачык болот.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Эртең күндүз өлкөнүн айрым аймактарында маал-маалы менен жамгыр себелеп, күн күркүрөйт. Чүй, Ош жергесинин дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Окумуштуулар: жакында ысыктын айынан сыртта иштөө мүмкүн болбой калат

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +29...+34, Талас жергесинде +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көлдө +22...+27 жана Нарын аймагында +21...+26 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +32...+34, Ош шаарында +31...+33, ал эми Чолпон-Атада +22...+24 градуска чейин жетет.

0
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Ачка калбайбызбы? Кыргызстанда канча түшүм жыйналды