Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Депутат: Кыргызстанда оорукчандар эле жашайбы деп ойлоп кетем

© Фото / пресс-служба ЖКЖогорку Кеңештин депутаты Тынчтык Шайназаров
Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтык Шайназаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтык Шайназаров Кыргызстанга чет элден 2010-жылы 5 миллиард сомго дары-дармек алып келинсе, 2015-жылы анын көлөмү 12 миллиард сомду түзгөндүгүн маалымдады.
Депутат: Кыргызстанда оорукчандар эле жашайбы деп ойлоп кетем

Саламаттык сактоо тармагы чоң жана өтө жоопкерчиликтүү тармак. Андагы көйгөйлөр чечилбей жатат. Бул тууралуу Тынчтык Шайназаров Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө дары-дармек чыгаруучу компаниялардын материалдык кызыкчылыктарын коргогон туруктуу топ бар.

"Мен парламенттин эл аралык мамилелер, коргоо жана коопсуздук комитетинде саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин кызматтан алынуусун сунуштадым. Муну өз суроомо жооп ала албагандан кийин айттым. Министрдин өзүн сыйлайм, бирок ал адам тармактын көйгөйүн чече албай жатат деген ойдомун. Бир эле дары-дармекти алалы. Бул тармак мафия болуп кеткен. 2015-жылы өлкөгө 12 миллиард сомго дары-дармек импорттолуптур. Шаарда дарыканалардан көп нерсе жок. Акырында айласыздан Кыргызстанда оорукчан эле адамдар жашайбы деген ойго келесиң. Дарыгерлер менен фармкомпаниялар ортосунда сүйлөшүү бар", — деди Шайназаров.

Андан сырткары, эл өкүлү министрликтеги терс көрүнүштөргө бир гана министр жооп бербестен, бардык орун басарларына дагы жоопкерчилик жүктөлүшү керектиктигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0