Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бейшенов: Кыргызстан боюнча 35 гана киши миграция маселесин чечет

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик миграция кызматынын миграциялык саясат бөлүмүнүн башчысы Майрамбек Бейшенов
Мамлекеттик миграция кызматынын миграциялык саясат бөлүмүнүн башчысы Майрамбек Бейшенов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик миграция кызматынын миграциялык саясат бөлүмүнүн башчысы Майрамбек Бейшенов Кыргызстанда аталган тармакта иш алып барган кызматкерлердин саны өтө аз экенин айтты.
Бейшенов: Кыргызстан боюнча 35 гана киши миграция маселесин чечет

Азыркы убакта республика боюнча миграция боюнча 44 адам иштейт. Бул тууралуу Майрамбек Бейшенов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, алардын ичинен 30-35 гана кызматкер миграция маселелерин чечип келет.

"Ушу тапта Кыргызстан боюнча миграция тармагында жалпы 44 адам иштейт. Анын ичинде ар кандай бөлүмдөр бар. Бул сан юридикалык, каржы сыяктуу бөлүмдөрдү эсепке кошкондо келип чыгат. Ал эми бир гана мигранттар, кайрылмандар жана качкындар менен иш алып барган кызматкерлердин саны 30-35ти түзөт. Дээрлик тышкы миграцияда жүргөн бир миллион кишинин маселесин чечүүгө 35 киши аздык кылат", — деди Бейшенов.

Ал чет жакка барып иштейм дегендерди бара турчу өлкө тууралуу маалымат алып, өз укуктарын билүүгө чакырып кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0