Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Алтыбаева: жакында ичимдик сатууга тыюу салууну сунуштайбыз

© Sputnik / Табылды КадырбековКСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева. Архив
КСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева депутаттар тобу кечинде ичимдик сатууга тыюу салууну демилгелеп чыгышарын айтты.
Алтыбаева: жакында ичимдик сатууга тыюу салууну сунуштайбыз

Үй-бүлөдөгү зомбулуктун көпчүлүгү ичимдиктин кесепетинен болууда. Андыктан, алкоголду жок дегенде кечкисин сатууга тыюу салуу керек. Учурда депутаттардан турган топ аталган маселе боюнча иштеп жатат. Бул тууралуу Айнуру Алтыбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ичимдикти белгилүү бир убакыттарда сатууга тыюу салынган соң акциз салыгын көтөрүү маселеси каралат.

"Спирт ичимдиктеринин айынан үй-бүлөдө чыккан жаңжалдан жаш балдар, аялдар жапа чеккен учурлар көп. Ошону менен бирге эле өспүрүм курактагы балдардын ичкиликке кызыгуусу да жылдан-жылга курч маселеге айланып жатат. Биз буга жол бербешибиз керек. Кечинде сатууга тыюу салып, акциз салыгын көтөрүп, айрыкча балдардын сатып алуусуна бөгөт койсок, коомдогу көп көйгөйлөр өзүнөн-өзү чечилет. Мына ушул максатта депутаттардан турган топ иштеп жатат. Эл өкүлдөрү учурда иликтөө иштери менен алек. Андан соң бул багытта атайын мыйзам долбоорун сунуштайбыз", — деди Алтыбаева .

Ал чылым тартуу көйгөйү да коомчулукта курч турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0