Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Султангазиев: жаш дарыгерлер билим жактан аксап жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековСаламаттык сактоо министрлигинин коомдук кеңешинин башчысы Айбар Султангазиев. Архив
Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук кеңешинин башчысы Айбар Султангазиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук кеңешинин башчысы Айбар Султангазиев медицина тармагынын өнүкпөй жатышынын себептерин айтып берди.
Султангазиев: жаш дарыгерлер билим жактан аксап жатат

Дарыгерлердин билими жетиштүү болбой жаткандыктан эл оор операцияларды чет мамлекеттен жасатып келүүгө муктаж болуп жатат. Бул тууралуу Айбар Султангазиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өзгөчө жаш дарыгерлер билим жактан аксап келүүдө.

"Кыргыз медицинасынын өнүгүшүнө эң биринчи кезекте каражат жетишпей жатат. Экинчиден, заманбап медициналык жабдуулар жокко эсе. Үчүнчүдөн, кантип жакшыраак иштесе болорун эмес, кызмат орунду сактап калууга же жетекчинин ордуна бирөөнү алып келүүгө көбүрөөк убакыт коротобуз. Төртүнчүдөн, кадр маселеси, өзгөчө, аймактарда курч. Дарыгерлердин билим деңгээли жетпей жаткандыктан, эл оор операцияларды чет жерден жасатууга аргасыз", — деди ал.

Султангазиев Кыргызстанда медицина жаатында билим алып жаткан студенттерге заманбап медицаналык жабдууларды колдонууну үйрөнүүгө шарт түзүп бериш керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0