Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектептеги жана мектептен сырткары билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Гүлшан Абдылдаева

Абдылдаева: окуучунун смартфон колдонуусуна тыюу салууга министрлик каршы эмес

152
(жаңыланган 18:18 02.03.2019)
Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектептеги жана мектептен сырткары билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Гүлшан Абдылдаева мектеп окуучулары смартфон эмес, телефон колдонсо туура болот деген пикирин билдирди.

Орто билим берүү жайларында смартфондорго тыюу салууну билим берүү министрлиги колдойт. Бул тууралуу Гүлшан Абдылдаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, окуучулар смартфон аркылуу интернетке кирип көбүнчө зыяндуу маалыматтарга ээ болушууда.

"Орто мектептерде смартфон колдонууга тыюу салуу маселеси Жогорку Кеңештин деңгээлине чейин көтөрүлүп, талкууланып келет. Окуучулар смартфон эмес, телефон колдонуусун министрлик дагы колдойт. Бирок айрым ата-энелер буга каршы болууда. Алар "балама каалаганымды сатып берүүгө тыюу салганга укугуңар жок" деп түшүндүрүшөт. Жеке менчик мектептерде окуучуларга смартфон колдонууга тыюу салынган жана ата-энелер унчукпай талапты аткарышат. Эмнегедир мамлекеттик окуу жай десе эле коомчулукта башкача көз караш пайда болот", — деди Абдылдаева.

Ал балдары смартфон көтөрүүсүн каалаган ата-энелер "ата-эне көзөмөлү" тиркемесин жүктөп алып, балдарын контролдоп турса болорун кошумчалады.

152
Белгилер:
ата-эне, тартип, окуучулар, смартфон, Гүлшан Абдылдаева
Тема боюнча
Абдылдаева: акча берсе милицияга кайрылбайм деген ата-энелер арбыды