Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бакчиев: "Манас" академиясынын башчылыгына мени сунуштап жаткандарга ыраазымын

© Sputnik / Табылды КадырбековМанасчы, манас таануучу, филология илимдеринин доктору Талантаалы Бакчиев. Архив
Манасчы, манас таануучу, филология илимдеринин доктору Талантаалы Бакчиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Манасчы, манас таануучу, филология илимдеринин доктору Талантаалы Бакчиев "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясына анын талапкерлигин сунуштап жаткандарга ыраазычылыгын билдирди.
Бакчиев: "Манас" академиясынын башчылыгына мени сунуштап жаткандарга ыраазымын

Аталган академиянынын жетекчиси болууга менин талапкерлигимди элге да, президентке да сунуштап жаткандар - булар манасчылар. Мен аларга абдан ыраазымын. Бул тууралуу Талантаалы Бакчиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, илимпоздун талапкерлигин жергиликтүү манасчылардан сырткары Россия эпостаануучулары жана айтуучулары да колдоодо. Тактап айтканда, Хакасия, Тува, Якутия, Башкортостан, Монголия, Бурятия жана Алтай окумуштуулары жана эпос айтуучулары кыргыз коомчулугуна жана өлкө башчысына кайрылуу жасашкан. Кайрылууда алар Талантаалы Бакчиевди "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясын жетектөөгө бирден-бир ылайыктуу инсан деп көрсөтүшкөн.

"Чыңгыз Айтматов ааламды алаканга салгандай бириктирген азыркынын алпы болсо, "Манас" эпосу кыргыздын көөнөргүс байлыгы. Экөө тең таза, тунук, сакралдуу дүйнө. Бул дүйнөлөрдү бириктирген академияны ким жетектесе да, анын өткөнү менен кеткени, келечеги менен көөдөнү таза инсан болуусу шарт. Ал эми өзүмдүн талапкерлигим тууралуу айта турган болсом, аталган академияга жетекчиликке мени манасчылар сунуштап жатат. Ошондой эле Россия Федерациясынын эпостаануучулары менен эпос айтуучулары да Кыргызстандын президентине, кыргыз коомчулугуна менин талапкерлигимди колдоп коюуну өтүнгөн кайрылуу жолдошкон", — деди Бакчиев.

Ал "Манас" эпосун балдарга бала бакчадан баштап окутуу керектигин кошумчалады.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 31-январында өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясын түзүү боюнча Жарлыкка кол койгон.

Жарлыкка ылайык, академия "Манас" эпосунда, кыргыз элдик эпикалык маданиятында, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачыл мурасында камтылган көөнөрбөс руханий жана этникалык баалуулуктарды жайылтууга жана изилдөөлөргө көмөк көрсөтүү менен алектенет.

Жаңылыктар түрмөгү
0