Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бакиров: мыйзамдуу чечим чыга турчу иште деле акча сунуштагандар бар

Жазылуу
"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров соттор коррупциялык кадамдарга айлыгынын аздыгынан барат деген пикирге кошулбай турганын айтып берди.
Бакиров: мыйзамдуу чечим чыга турчу иште деле акча сунуштагандар бар

Соттордун айлык акысы аз. Аны моюнга алуу керек. Бирок бул пара алуунун башкы себеби эмес. Мындай пикирин Мирлан Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, айрым соттук иштер мыйзамдын негизинде чечилип баратса деле тараптар өздөрү акча сунуштайт.

"Соттордун айлык маянасы тууралуу кеп болгондо көп эмес экенин айтабыз. Бирок өкмөт колунан келгенинин баарын жасап, калыс чечим чыгаруусу үчүн шарт түзүп берүүгө аракеттенип келет. Андыктан, соттор коррупциялык иш жасаса, аны айлык акысы аздыгынан кылды деп түшүнбөшүбүз керек. Ооба, эски системада иштеп, жең ичинен акча алмайын процессти алдыга жылдырбаган соттор да бар. Бирок сотту акча алууга түртүп, тараптар алгач өздөрү сунушташат. Соттун табияты ушундай, бирөө утулат, бири жеңишке жетет. Чындык ким тарапта болсо, ал утушка ээ болуусу зарыл. Тилекке каршы, ошол чындыкты көбүнесе эл өзү сатып алууга далалаттанат", — деди Бакиров.

Эл өкүлү жаңы кодекстерге ылайык, соттук отурумдар ачык, видеокөзөмөл менен өтүүсү да аталган тармактагы коррупцияны кескин азайтат деген пикирин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0