Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жолчубеков: калпак кийүү модага айланып баратат

© Sputnik / Асель АкматалиеваКоординатор мероприятия "Ак калпак" Байзак Жолчубеков
Координатор мероприятия Ак калпак Байзак Жолчубеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ак калпак" жана "Улуттук кийимдер" жумалыгынын координатору Байзак Жолчубеков жаштар улуттук кийимдерди баалап баштаганын айтты.
Жолчубеков: калпак кийүү модага айланып баратат

Улуттук кийимдерге бир аз өзгөртүүлөр киргизилип, жаштар аны модага айланта баштады. Бул тууралуу Байзак Жолчубеков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ошол эле учурда калпакка ар кандай жазуулар түшүрүлүп, баалуулугун барктабай жаткан учурлар да кездешүүдө.

"Мурда мода болгон кийимдер бир аз өзгөртүлүп, кайра эле жаңы стилди пайда кылып жатат. Ага болгон суроо-талап да жогору. Өзгөчө Европадан келген кийимдерди жаштар кызыгып кийип келишет. Мындай көрүнүштөн биздин улуттук кийимдерибиз да артта калган жок. Анткени улуттук баш кийимибиз болгон калпакты жаштар модага айландырып кийип баштады. Ошол эле кезде кыздардын калпак кийиши жана калпакка компаниялардын аталыштары жазылган учурлар кездешүүдө. Мындай нерсенин туура эместигин коомчулукка жеткиришибиз керек" — деди Жолчубеков.

Ал синтетикадан эмес, кийизден жасалган калпактарды кийүүгө чакырып кетти.

Кыргызстанда "5-март - Ак калпак күнү" катары белгиленип келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0