Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ниязбекова: айыл чарба тармагында бизге каршы шпионаж бар

© Sputnik / Табылды КадырбековПредседатель ассоциации экспортеров и импортеров "Кыргызлэнд" Ленара Ниязбекова
Председатель ассоциации экспортеров и импортеров Кыргызлэнд Ленара Ниязбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экспорттоо жана импорттоо ассоциациясынын президенти Ленара Ниязбекова аймактарда дыйкандар картошканын түшүмүн 2-3 сомдон да сата албай жатканын айтты.
Ниязбекова: айыл чарба тармагында бизге каршы шпионаж бар

Эл аралык базарда, атаандаштык айдыңында кыргызстандык айыл чарба продукциясына каршы чалгындоо иштерин жүргүзгөн ички күчтөр бар. Бул тууралуу Ленара Ниязбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, айыл чарба тармагы канчалык чабал, алсыз болсо, кайсыл бир бизнес топтор мындан чоң пайда табышат.

"Айыл чарба тармагынын өнүгүүсүнө каршы турган ички топ бар. Аны жашырбаш керек. Алар - өздөрүнүн гана көмөчүнө күл тарткан бизнесмендер тобу. Жер-жерлерде фермер, дыйкандар менен жолугуп жатабыз. Картошкасын 2-3 сомдон сата албай жүргөн элеттиктердин катары арбын. Жаз келгенде коңшуларга сатабыз деп турушкан. Өзбекстан азыр Пакистандан, түркмөндөр Ирандан алууда. Казакстан каалаган учурда карантин жарыялай коюп бир топ ыңгайсыздык жаратат. Мен муну эл аралык рынокто, атаандаштыкта кыргызстандык продукцияга каршы сырткы дагы эмес, ички чалгындоо бар деп түшүнөм", — деди Ниязбекова.

Ошондой эле ал айыл чарба продукциясын экспорттоо маселеси бир гана Айыл чарба министрлигине жүктөлбөстөн, ошол эле Тышкы иштер, Транспорт, Экономика министрликтери жооптуу болушу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0