Кыргызстандагы эл аралык бейтарап соттун инвестициялык талаш-тартыштар боюнча директору, эл аралык арбитр Жоомарт Жолдошев. Архив

Жолдошев: эл аралык келишимдер 1994-жылкы стандарттар менен иштеп келет

115
(жаңыланган 16:42 05.03.2019)
Кыргызстандагы эл аралык бейтарап соттун инвестициялык талаш-тартыштар боюнча директору, эл аралык арбитр Жоомарт Жолдошев жергиликтүү күчтүү юристтердин чет өлкөлөргө кетип калуусунун башкы себеби соттук системадагы мүчүлүштүктөрдөн келип чыгарын айтты.

Адатта чет мамлекеттен юридикалык окуу жайды бүтүп келген жаш адиске Кыргызстандын ичинде тажрыйба топтоо кыйынга турат. Анткени биздеги соттук система эски стандарт менен иштейт. Бул өзгөчө эл аралык мыйзамдарда байкалат. Ошондуктан четтен окуусун аяктап келген жаш юристтер башка мамлекетке чыгып кетишет. Мындай пикирин Жоомарт Жолдошев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкө эл аралык мамилелердеги мыйзамдар менен иш алып барууда чабалдык кылат.

"Кыргызстан эл аралык соттук иштерде жеңилип калабыз деген позицияны карманып, чочулоосунун башкы себеби — эл аралык мыйзамдарды мыкты билген адистер аз. Өкмөт сот системасынын ишин илгерилетүүгө жакшы эле аракет көрүп, шарттарды түзүп берип жатат. Мисалы, бир кезде атайын эл аралык процесстер менен алектенүүчү борбор түзүлдү эле. Ал жакка иштин көзүн билген адистер келбегендиктен, ийгилик жарата алышкан жок. Дагы бир мисал, Кыргызстандын көпчүлүк башка мамлекеттер менен түзгөн келишимдери 1994-жылдагы стандарттар менен иштеп келет. Андан бери заман өзгөрдү, ал келишимдерге алымча-кошумчалар киргизилиши керек эле. Тилекке каршы, мындай аракеттер жасалбай жатат. Бул да өз кезегинде башка мамлекеттер менен болгон кээ бир иштерге кедергисин тийгизүүдө", — деди Жолдошев.

Ал жогоруда айтылган көйгөйлөрдөн улам инвестициялык маселелерде өлкө четтен келген адистерге кайрылууга аргасыз болуп жаткандыгын кошумчалады.

115
Белгилер:
мыйзам, Жоомарт Жолдошев
Тема боюнча
Forbes байманасы ашып-ташкандарды аныктап чыкты. Рейтинг