Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун бөлүм башчысы Махамат Мурзашев. Архив

Дарыгер: үй шартында даярдалган салат, тамак-аштан уулангандар көбөйдү

222
Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун бөлүм башчысы Махамат Мурзашев акыркы эки ай аралыгында Бишкек шаарында тамак-ашка ууланган 11 факты катталгандыгын маалымдады.
Дарыгер: үй шартында даярдалган салат, тамак-аштан уулангандар көбөйдү

Коомдук тамактануучу жайларга кардарлар өздөрү менен тамак-аш алып барууга тыюу салынган. Бул тууралуу Махамат Мурзашев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, коомдук тамактануучу жайлардын ээлери кардарлардын саламаттыгына жоопкер.

"Тез татым, кафе, ресторан, коомдук тамактануучу жайлардын ээлери кардарлардын саламаттыгына жоопкер болот. 2011-2013-жылдары Бишкектин "Арал", "Енисей" кафелеринде уулануу фактысы катталып, 100дөн ашуун адам жабыркаган. Ошондон кийин Саламаттык сактоо министрилигинин башкы санитардык дарыгеринин токтомуна ылайык, кафе, ресторандардагы той-топур, банкетке кардарлар каражатты үнөмдөө максатында өздөрү менен тамак-аш алып барууга тыюу салынган. Бирок мыйзам боюнча биз иш убактысында гана ал жайларды текшерүүгө ала алабыз. Ал эми той, банкеттер кечке маал өтөт. Негизинен үй консерваларынан уулануу эң кооптуу болуп эсептелет", — деди Мурзашев.

Ошондой эле дарыгер 2018-жылы Бишкек шаары боюнча жалпысынан уулануу боюнча 10 учур катталса, ушул жылдын эки айында эле 11 учур катталгандыгын белгиледи.

222
Белгилер:
текшерүү, уулануу, тамактануу, кардар
Тема боюнча
Үй шартында даярдалган салатка ууланып, Таш-Көмүр шаарында бир аял каза болду
Кыргызстандагы KyrSEFF туруктуу энергияны каржылоо программасынын менеджери Нурзат Абдырасулова

Абдырасулова: күндүн, суунун же шамалдын кубатынан энергия алуу керек

0
Кыргызстандагы KyrSEFF туруктуу энергияны каржылоо программасынын менеджери Нурзат Абдырасулова атмосферага бөлүнүп чыккан уулуу заттарды азайтса болорун айтты.
Абдырасулова: күндүн, суунун же шамалдын кубатынан энергия алуу керек

Электр энергиясын үнөмдөө менен экологияга пайда келтире алабыз. Бул тууралуу Нурзат Абдырасулова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Париж келишиминде дагы ар бир өлкө өз мүмкүнчүлүгүнүн жетишинче экологиялык көйгөйлөр менен күрөшүүсү зарыл экендиги көрсөтүлгөн.

"Өлкөдө экологиялык маселелер менен улуттук деңгээлде иш алып баруу боюнча атайын документтер кабыл алынган. Анда айлана-чөйрөгө уулуу заттардын таасирин минималдаштыруу каралган. Ошол эле көмүр жагууну, автоунаалардан бөлүнүп чыккан уулуу газдарды атмосферага таркашын азайтуу зарыл. Мүмкүнчүлүккө жараша электр кубаты менен иштеген автоунааларга өтүп, күндүн, суунун же шамалдан алынган энергиянын түрлөрүн көбөйтүү керек. Бул технологиялар дүйнөдө жакшы өнүгүп, баасы арзан болуп калды. Өкмөт тарабынан жакшылап көңүл бурулуп, туура саясат жүргүзүлүшү шарт. Эң негизгиси, энергияны үнөмдөп колдонуу зарылчылыгы келип чыгууда. Эгер сарамжалдуу колдоно турган болсок, коңшу өлкөлөрдөн сатып албайбыз. Ошондой эле экологияга тийген терс таасирди азайтууга мүмкүнчүлүк түзүлөт", — деди Абдырасулова.

Ошондой эле ал учурда туруктуу энергияны каржылоо программасынын алкагында бир катар долбоорлор ишке ашырылганын кошумчалады.

0
Белгилер:
Кыргызстан, экология, электр энергиясы
Тема боюнча
Казакстандан 500 млн. кВт/саат энергия импорттоо макулдашылды. Баа өзгөрөбү
Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров

Өмүров: ЖОЖго онлайн тапшыруунун биринчи туру 20-июлда башталат

854
Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров жогорку окуу жайга аралыктан тапшыруу үчүн онлайн-платформа иштелип чыкканын айтты.
Өмүров: ЖОЖго онлайн тапшыруунун биринчи туру 20-июлда башталат

Быйыл пандемиядан улам элдин ден соолугуна кам көрүү жана санариптештирүү жылында технологияларды толук пайдалануу максатында министрлик тарабынан жогорку окуу жайларга кабыл алууну аралыктан өткөрүү макулдашылды. 3-4 ай мурун даярдыктарды баштап, долбоор иштеп чыктык. Бул тууралуу Нурлан Өмүров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жылына жалпы ЖОЖдор үчүн 5700 бюджеттик орун берилет.

"Жогорку окуу жайга аралыктан тапшыруу үчүн онлайн-платформа иштелип чыкты. Жылына абитуриенттер Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгын алгандан кийин ЖОЖго барып, каалаган кесибин тандап, кутучага талондорун таштачу. Алар ошондой эле тандаган факультетине кандай балл менен канча абитуриент тапшырып жатканын монитордон көрүп турушчу. Быйыл мунун баары онлайн түрдө өтөт. Абитуриенттер өлкөбүздүн каалаган чекитинен системага кирип, ЖОЖдор тууралуу толук маалымат ала алат. Окуу жайлардагы факультеттер, андагы бюджеттик, контракттык орундардын саны менен таанышат. Талонун онлайн-каттоодон өткөрүп, кадимкидей эле башка абитуриенттер кайсы адистикке канча талон, кандай балл менен тапшырып жатканын көрө алышат. Окууга онлайн тапшыруунун биринчи туру 20-25-июль аралыгында өтөт. Экинчи тур 27синен 31-июлга чейин, ал эми 3-7-август күндөрү үчүнчү тур менен жыйынтыкталат. Система өзү бүтүрүүчүнүн билим алган аймагына карап мурдагыдай эле автоматтык түрдө жеңилдиктерди берет", — деди Өмүров.

Ал өкмөттүн чечими менен кайсы кесипке канчадан орун берилери жана ар бир университетке канча бюджеттик орун бөлүнгөндүгү тууралуу токтом чыгарыларын кошумчалады.

854
Белгилер:
онлайн, пандемия, абитуриент, ЖОЖ, Нурлан Өмүров
Тема боюнча
Аттестат качан берилип, ЖОЖдор кантип кабыл алат? Бүтүрүүчүнүн 8 суроосуна жооп