Бир Бол фракциясынын депутаты Бактыбек Турусбеков

Депутат: беш саат Ысык-Көл астында сүзүп бир да балык көргөн жокмун

941
"Бир Бол" фракциясынын депутаты Бактыбек Турусбеков полиэтилен баштыктарын өлкө аймагында колдонууга тыюу салган мыйзам долбоору иштелип чыкканын айтты.
Депутат: беш саат Ысык-Көл астында сүзүп бир да балык көргөн жокмун

2018-жылдын 26-августунда Ысык-Көлдүн тескейинен күнгөйүнө чейин сүзүп өткөм. Сүзүү 5 саат 16 мүнөткө созулган. Ушул аралыкта суу астынан бир да балык кезиктире алган жокмун. Бул тууралуу Бактыбек Турусбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эл өкүлү сүзүү учурунда суу алдындагы желим баштыктардын, бөтөлкө жана балык кармоочу торлордун көптүгүнөн бир топ тоскоолдуктарга учураган.

"Кыргызстандын ичинде полиэтилен баштыктарын колдонууга, чыгарууга жана алып кирүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун сунуштап жатабыз. Учурда коомдук талкууга коюлду. Полиэтилен баштыктарын колдонуудан көп мамлекет баш тартты. Анын экологияга тийгизген зыяны абдан курч экени белгилүү. Буга мен өзүм да күбө болдум. Былтыр Ысык-Көлдү кесип өтүү максатында 5 саат 16 мүнөт 5 секунд көлдүн тескейинен күнгөйүнө чейин сүзүп өткөм. Ошондо сүзүүгө тоскоол болгон балык кармоочу торлор, тоодой үйүлгөн целлофан баштыктары менен желим бөтөлкөлөрдү көрүп таң калгам. Эгер аркы жээкке аман-эсен сүзүп чыксам, бул көйгөйдү көтөрүп чыгам деп ниет кылган элем", — деди Турусбеков.

Ал мыйзам кабыл алынып калса, сынамык иретинде алгач Ысык-Көл облусунда ишке ашарын кошумчалады.

941
Белгилер:
экология, мыйзам, Ысык-Көл, Бактыбек Турусбеков
Тема боюнча
Кадыров: Соң-Көлдө 80 миң тор суу астында жатат
Улуттук банктын Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын башкы адиси Эмил Курманалиев

Курманалиев: Кыргызстандын улуттук валютасы төрт ирет өзгөрүүгө учурады

17
Улуттук банктын Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын башкы адиси Эмил Курманалиев сомдун тарыхында Кыргызстандын улуттук валютасы төрт ирет өзгөргөнүн айтты.
Курманалиев: Кыргызстандын улуттук валютасы төрт ирет өзгөрүүгө учурады

1993-жылы 10-майда үч тыйын жана үч сом номиналындагы банкноталар жүгүртүүгө чыгарылган. Ал учурда бир доллар төрт сомго барабар эле. Бул тууралуу Эмил Курманалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кир жукпаш үчүн сомдун алды-артына атайын лак колдонулат.

"Биринчи сериядагы 1, 10, 50 тыйын жана 1, 5, 20 сом кагаз банкноталар өткөөл мезгилдин акчасы деп айтылат. Булардын коргоо элементи бир гана бүркүт тартылган суу белгисинен турган. Бүгүнкү күнгө чейин кыргыз сому төрт ирет жаңыртылып, бир жолу өркүндөтүлүп, бир эстелик банкнотасы чыгарылды. 1994-жылы турукташуу мезгилинин жакшыртылган экинчи сериясындагы 50, 100 сомдук банкноталар кошулган. Анда белгилүү маданият ишмерлеринин аты, сүрөтү жайгаштырылып, артында тарыхый архитектуралык эстеликтер жана жерлер чагылдырылган. Суу белгиси өзгөрүп, бардыгында акын Токтогул Сатылгановдун портрети болгон. 1997-2002-жылдары жогорку деңгээлдеги коргоо элементтерине ээ үчүнчү сериядагы банкноталар чыгарылды. Мында 200, 500 жана 1000 номиналы чыкты. 2008-2009-жылдары алгачкы металл монеталар пайда болду. 2010-жылы төртүнчү серия чыгып, мында эң төмөнкү номиналдагы банкнота 20 сом, ал эми эң жогорку 5000 сом болду. Бардык акчанын көлөмү 1,5-2 сантиметрге кичирейтилген. 2017-жылы ушул эле серия модификацияланып чыгарылды. Берки сериялардан айырмаланып портрет классикалык гравировка ыкмасы менен түшүрүлгөн. Маск деген жаңы коргоо элементи бар", — деди Курманалиев.

Адис 2017-жылы 2000 сом номиналындагы эстелик банкнота жүгүртүүгө чыкканын, ал Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхын чагылдырган оригиналдуу дизайнга жана эң мыкты заманбап коргоо элементтерине ээ экенин кошумчалады.

17
Белгилер:
тарых, сом, акча, Эмил Курманалиев
Тема боюнча
Миллиарддар... Кардарлар Кыргызстандын банктарында канча акча сактайт?
Көйкашка коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков

Талантбеков: бута деген сөздү бир нече мааниде колдонсо болот

5
(жаңыланган 13:08 02.03.2021)
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосундагы кездешкен көөнө сөздүн маанисин чечмелеп берди.

Бута деген сөздү бир нече мааниде колдонсо болот. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында маалымдады.

Талантбеков: бута деген сөздү бир нече мааниде колдонсо болот

Анын айтымында, бута сөзүнүн орусча алганда "мишень" деген маанисин көпчүлүк билет.

"Эпосто Алмамбет Карагулду туткундап алайын дегенде ал "бутага сөзүң илинди, сенин буруттугуң билинди" деп билип калганы айтылат. Мында "сөзүң назарга илинди" деген мааниде айтылууда. Бул сөздү өтмө мааниде ар кандай колдонсо болот. Ошол эле учурда бутанын бир нече түз мааниси бар. Алсак, бута атып тийгизе турган атайын жер же буюм. Дагы бир маанисинде майда бадал жана дарактын бутактарын кыркууну дагы ушул сөз менен түшүндүрсө болот. Башка маанисинде баалуу кездеме же андан тигилген кийим дагы аталган сөз менен берилет", — деди Талантбеков.

Манасчы эпостогу колдонулбай калган ар бир сөз тилди байытууга көмөк болорун кошумчалады.

5
Белгилер:
тил, Манас, сөз, Нурбек Талантбеков
Тема боюнча
Талантбеков: күч түзүмдөрүнүн бир бөлүгү "бөгөл" делген
Талантбеков: "Манас" эпосунда брусчатка "таш таман" деп айтылган
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев менен жолугушуусу

Манас, Абай, Айтматовдун эстеликтери тургузулат. Жапаров менен Токаевдин билдирүүсү

0
(жаңыланган 14:25 02.03.2021)
Эки президент Кыргызстан менен Казакстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын майрамдоого арналган юбилейлик иш-чаралар маанилүү экендигин белгилешкен.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров менен Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 2-мартта, Нур-Султан шаарында болуп өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү жасашты. Бул тууралуу өлкө президентинин маалымат кызматы кабарлады.

Төмөндө билдирүүнүн тексти:

Кыргыз-казак достук, стратегиялык өнөктөштүк жана союздаш мамилелерин тең укуктуулуктун, өз ара ишеним көрсөтүүнүн, урматтоонун жана бири-биринин кызыкчылыктарын эске алуунун негизинде комплекстүү бекемдөө багыты бузулбас экендигин тастыкташат.

Буга чейин жетишилген макулдашууларды, анын ичинде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин 2019-жылдын 27-ноябрында Кыргызстанга жасаган мамлекеттик иш сапарынын жыйынтыгы боюнча макулдашууну биргелешип ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Эки мамлекеттин ортосундагы мамилелерди динамикалуу өнүктүрүү үчүн жигердүү саясий диалогдун маанилүүлүгүн таанып, эң жогорку, жогорку жана башка деңгээлдердеги ишеним көрсөтүү жана конструктивдүү байланыштарды андан ары кеңейтүүнү колдошот.

Уланып жаткан пандемия шартында коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө биргелешкен күч-аракеттерди активдештирүүнүн маанилүү экендигин белгилешти. Бул контекстте колдоого жана жардам көрсөтүүгө, анын ичинде гуманитардык мүнөздөгү жардамга жана көмөк көрсөтүүгө даяр болгондугу үчүн кыргыз тарап Казакстанга ыраазычылык билдирди.

Эпидемиологиялык талаптарды сактоо зарыл экендигин таануу менен тараптардын мамлекеттеринин аймактары боюнча жарандардын жана транспорт каражаттарынын эркин жүрүүсү жана транзит менен өтүүсү үчүн макулдашылган чараларды көрүүнүн маанилүү экендигин баса белгилешет.

Соода-экономикалык кызматташуу, товарлар менен өз ара соода кылуунун жана кызмат көрсөтүүлөрдүн түзүмүн диверсификациялоо жана өсүшүн камсыздоо жаатындагы эки тараптуу мамилелерди андан ары кеңейтүү өзгөчө мааниге ээ экендигин ырасташат.

Өнөр жайдагы, гидроэнергетикадагы, отун-энергетика комплексиндеги, жер казынасын пайдалануудагы, айыл чарбасындагы, кайра иштетүү секторундагы, логистика чөйрөсүндөгү, жол-транспорт инфратүзүмүндөгү жана банк чөйрөсүндөгү кооперациялык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган иштиктүү байланыштарды ар тараптуу кеңейтүү зарылдыгын белгилешет.

Инвестиция тартууну жана аларды мамлекеттик деңгээлде коргоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү, инвестициялык өз ара аракеттенүүнү андан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешет. Тараптар өз ара инвестицияларды ар тараптуу колдоо механизмдерин өркүндөтүү боюнча чара көрүү ниетин билдиришти.

Кыргызстан Казакстандын Евразия экономикалык биримдигиндеги төрагалыгында белгилеген артыкчылыктарды колдой тургандыгын билдирди. Бул контекстте Тараптар евразиялык экономикалык интеграциянын алкагында, анын ичинде потенциалды толук көлөмдө ачууга, тоскоолдуксуз, алып коюусуз жана чектөөсүз капиталдын, эмгектин, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы рыногун ачууга, санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык чаралар боюнча өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө, өнөр жай комплекстеринин атаандаштыкка туруштук берүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана башка багыттарда чараларды иштеп чыгууда бирдиктүү ыкмаларды калыптандыруунун маанилүү экендигин белгилешет.

Мамлекеттердин транспорттук-транзиттик потенциалын андан ары өнүктүрүү, ошондой эле санариптештирүү жана маалымат алмашуу, анын ичинде мамлекеттик кызмат көрсөтүү жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Чек ара кызматташтыгынын потенциалын ачуу максатында тараптар Биринчи региондор аралык кыргыз-казак форумун өткөрүүгө кызыкдар экендигин тастыкташат.

Өкмөттөргө бирдиктүү экономикалык мейкиндик шарттарында Кыргызстан менен Казакстандын аймактары аркылуу товарлардын тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыздоо үчүн кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында логистикалык борборду түзүүнү тездетүү тапшырмасы берилди.

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн экологиялык жана энергетикалык коопсуздугу жана суу-энергетика ресурстарын стратегиялык өнөктөштүктүн, өз ара ишеним көрсөтүүнүн, ынак коңшулуктун, тең укуктуулуктун жана бири-биринин кызыкчылыктарын эске алуунун негизинде комплекстүү пайдалануу боюнча конструктивдүү кызматташууга өз ара кызыкдар экендигин билдиришти.

Региондук кооперациянын актуалдуу маселелери боюнча позициялардын окшоштугун жана Борбордук Азияда ишеним көрсөтүү, туруктуулук жана коопсуздук атмосферасын бекемдөөгө эки тараптын умтула тургандыгын ырасташат.

Ички региондук кызматташуунун бардык чөйрөлөрүндө беш тараптуу өз ара аракеттенүүнү жигерлетүү үчүн жагымдуу шарттарды түзгөн Борбордук Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушууларынын форматын андан ары өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу маанисин өзгөчө белгилешти. Эпидемиологиялык кырдаалдын жакшыруусуна жараша 2021-жылы Кыргызстанда боло турган кезектеги Борбордук Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Тараптар БУУ, ЕККУ, КМШ, ЕАЭБ, ШКУ, ЖККУ, ТТКК, ИКУ жана башка эл аралык уюмдардын алкагындагы конструктивдүү диалогду улантуу зарыл деген бир пикирди карманышат.

Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним көрсөтүү боюнча кеңешменин (АӨИКК) потенциалын өнүктүрүүгө, анын ичинде аны эл аралык уюмга өзгөртүүгө көмөк көрсөтүү боюнча бекем ниетин билдиришти, эки мамлекет тең координатор болгон АӨИККтин Адамдык өлчөөсүн өнүктүрүү жөнүндө макулдашты.

Борбордук Азия мамлекеттеринин экономикасын туруктуу өнүктүрүүгө түрткү бере турган 2021-жылы Кыргыз Республикасында өткөрүү пландалып жаткан Европа биримдиги — Борбордук Азия биринчи экономикалык форумунун маанилүүлүгүн белгилешет.

Эл аралык терроризм, экстремизм, баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүү, трансулуттук уюшкан кылмыштуулук, эки тараптуу жана көп тараптуу деңгээлдердеги башка эл аралык коопсуздук чакырыктары жана коркунучтары менен күрөшүү маселелеринде биргелешкен иш-аракеттерди күчөтүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурушту.

Эки элдин маданий-тарыхый жана тилдик жалпылыгын эске алуу менен илим, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, туризм, спорт жана башка тармактардагы кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө умтулгандыгын тастыкташат. Тараптар биргелешкен билим берүү жана илимий-техникалык программаларды ишке ашырууну улантууну көздөшөт.

Кыргызстан менен Казакстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын майрамдоого арналган алдыдагы юбилейлик иш-чаралар маанилүү экендигин белгилешти.

Биргелешкен телекөрсөтүү долбоорлорун, көргөзмөлөрдү, фестивалдарды жана башка маданий иш-чараларды өткөрүүгө көмөк көрсөтүүгө, жалпы тарыхый жана маданий мурастарды сактоо жана илгерилетүү максатындагы аракеттерди консолидациялоого даярдыгын билдиришти.

Нур-Султан шаарында Манастын жана Чыңгыз Айтматовдун эстеликтерин, ошондой эле Бишкек шаарында Абай Кунанбаевдин эстелигин орнотуу жөнүндө макулдашуунун өзгөчө маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Тараптар болуп өткөн үзүрлүү сүйлөшүүлөр жана иш сапардын жүрүшүндө кол коюлган эки тараптуу документтер Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы достук жана союздаштык мамилелерди андан ары бекемдөөгө түрткү бере тургандыгын, ошондой эле жетишилген макулдашууларды талаптагыдай ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевге жана бүткүл казак элине көрсөтүлгөн меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди жана ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү максатында Казакстандын башчысын ага ыңгайлуу убакта Кыргызстанга келүүгө чакырды.

Токаев чакырууну ыраазычылык менен кабыл алган. Иш сапардын мөөнөтү дипломатиялык каналдар аркылуу макулдашылат.

0
Белгилер:
билдирүү, жолугушуу, Касым-Жомарт Токаев, Садыр Жапаров, Кыргызстан, Казакстан
Тема:
Жапаровдун Казакстанга болгон иш сапары
Тема боюнча
Жапаров менен Токаев талкуулаган маселелер. Жолугушуунун сүрөттөрү
Садыр Жапаров Казакстанга келди. Кимдер кантип тосуп алды. Сүрөт