Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мусаев: жаныбардын калдыгынан жасалган сувенирлерди туристтер сатып албайт

© Sputnik / Табылды КадырбековБиотүрдүүлүктү коргоо жана өзгөчө корголчу жаратылыш аймактары департаментинин жетекчиси Алмаз Мусаев
Биотүрдүүлүктү коргоо жана өзгөчө корголчу жаратылыш аймактары департаментинин жетекчиси Алмаз Мусаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биотүрдүүлүктү коргоо жана өзгөчө корголчу жаратылыш аймактары департаментинин жетекчиси Алмаз Мусаев жаныбарлардын мүйүзүнөн жасалган сувенирлерди кызматтагы адамдар белекке бергенди модага айландырып жатканын айтты.
Мусаев: жаныбардын калдыгынан жасалган сувенирлерди туристтер сатып албайт

Бүгүнкү күндө Кызыл китепке кирген жаныбарлардын калдыктарын чогултууга атайын мамлекеттик органдарга же илимий иш алып баргандарга гана уруксат берилген. Бул тууралуу Алмаз Мусаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, буга чейин ар бир адам талаада жаткан жаныбардын сөөгү болобу, мүйүзү болобу, аны колдонууга укуктуу эле.

"Изилдөөлөргө таянсак, жаныбардын мүйүздөрүнөн, сөөктөрүнөн жасалган сувенирлерди чет жерден келген туристтер сатып албайт экен. Алар тескерисинче мындай көрүнүштү жапайычылык деп санап, таң калары белгилүү болду. Биз буга чейин жаныбарларга тиешеси бар белектерге чет өлкөлүктөр кызыкдар деп ойлочубуз. Бирок аларды өзүбүздүн эле чоң кызматтагы адамдар бири-биринин жакшылыктарында белекке берүүнү модага айландырып жатышат. Мурун ар бир эле адам жаныбардын мүйүзү болобу, сөөгү болобу, аны колдонууга укуктуу болчу. Ал эми азыркы кезде Кызыл китепке кирген жаныбарлардын калдыктарын колдонууга бир гана мамлекеттик органдарга жана илимий иш алып баргандарга уруксат берилет. Алар жаныбардын эмнеден каза болгонун, жашы канчада эле деген сыяктуу суроолорго жооп издешет", — деди Мусаев.

Ал жаныбарларга аяр мамиле жасоо керектиги тууралуу маалыматтар элге байма-бай түшүндүрүлүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0