Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жураева: аял режиссерлордун форуму үчүнчү ирет уюштурулуп жатат

© Sputnik / Асель АкматалиеваРежиссер-документалист, Кыргызстандын аял режиссерлорунун III кинофорумунун директору Асел Жураева
Режиссер-документалист, Кыргызстандын аял режиссерлорунун III кинофорумунун директору Асел Жураева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Режиссер-документалист, Кыргызстандын аял режиссерлорунун III кинофорумунун директору Асел Жураева барган сайын режиссерлукту аркалаган кыз-келиндердин саны өсүп жатканын айтты.
Жураева: аял режиссерлордун форуму үчүнчү ирет уюштурулуп жатат

III кинофорумга 12 тасма тандалып алынды. Бул тууралуу Асел Жураева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бул иш-чара 15-16-март күндөрү Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө өтөт.

"Иш-чаранын максаты — кино тармагында эмгектенген кыз-келиндердин тасмаларын чоң экрандан көрсөтүү, кеңеш берүү жана алдыда мыкты кино жаратуусуна шарт түзүү. Биз атайын чет мамлекеттен конокторду чакырганбыз. Алар келип өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, даректүү тасмада каармандар менен кандай иштеш керектиги, деги эле кызыктуу темаларды кантип тандаса боло тургандыгы жана башка ушул сыяктуу темаларда баарлашуу болот. Бул жылы жалпы 12 режиссердун тасмасы тандалды. Кинофорумдун жүрүшүндө эң мыкты делген тасма аныкталып, режиссердун кийинки тарта турган киносуна техникалык жактан колдоо көрсөтүлмөкчү", — деди Жураева.

Ал айымдардын кинофорумуна мырзалар да көрүүчү катары келсе боло турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0