Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев . Архив

Министр: айыл чарба продукциясынын 11 түрүн өндүргөндөр жеңилдетилген насыя алат

198
(жаңыланган 12:35 11.03.2019)
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев быйыл айдоо жердин аянты 1 миллион 219 миң гектар жерди түзөрүн маалымдады.

2019-жылы Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги элеттиктерге пахта жана төө буурчактын айдоо аянтын кеңейтүүнү сунуштайт. Бул тууралуу Нурбек Мурашев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган продукциялардын экспорттук потенциалы жогору.

"Быйылкы жылдын өзгөчөлүгү - биз 11 айыл чарба продукциясын өндүргөн дыйкандарга түз, жеңилдетилген насыя бергени жатабыз. Ал сүт, эт азыктарын, асыл тукум, бал, балык, төө буурчак, жашылча, мөмө-жемиш багытында. 2019-жылдагы айдоо аянтын эсептеп чыктык. Ал 1 миллион 219 миң гектарды түздү. Органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү министрлик үчүн негизги багыт болот", — деди Мурашев.

Ошондой эле аткаминер быйыл мөмөлүү бак-дарактарды өстүрүү кирешелүү багыт болорун кошумчалады.

198
Белгилер:
аянт, пахта, Нурбек Мурашев
Тема боюнча
Сауд Аравия Кыргызстанга 30 млн. доллар берет. Акча эмнеге жумшалат