Соода-өнөр жай палатасынын чет элдик ишкерлерди колдоо комитетинин төрагасы Кайрат Итибаев

Итибаев: медициналык туризмди өнүктүрүү керек

258
(жаңыланган 16:06 11.03.2019)
Соода-өнөр жай палатасынын чет элдик ишкерлерди колдоо комитетинин төрагасы Кайрат Итибаев медициналык тейлөө кызматынын абалын жогорулатуу керектигин айтты.
Итибаев: медициналык туризмди өнүктүрүү керек

Кыргызстанда медициналык туризм өнүгүп келе жатат. Дагы да көптөгөн аракеттер жасалышы керек. Мындай пикирин Кайрат Итибаев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө өлкөгө чет элдиктер дарыланууга тааныштары аркылуу келип жатат.

"Кыргызстандагы медициналык туризмди жайылтып жаткандар — бул дарыланып кеткен кардарлар. Алар өз өлкөсүнө барып, тааныштарына бул жактагы кызматтар тууралуу айтып берип жатышат. Жеке пикиримде, бири-биринен угуп эле Кыргызстанга келүүдө. Биздеги медициналык туризм өнүгүү жолунда. Бирок дагы да көптөгөн аракеттерди жасоо талап кылынат. Өлкөбүздө инфратүзүм начарлап баратат. Мамлекет чарба иштерин алгылыктуу алып кете албай жатканы байкалууда. Андыктан биз мамлекеттик жеке өнөктөштүктү күчөтүп, атайын долбоорлорду даярдап чыгышыбыз керек. Бул жаатты чет элдикке болобу, жергиликтүү ишкерлерге болобу, 10-15 жылга убактылуу өткөрүп бериш керек. Ошондо медициналык туризм өнүгүп өсөт", — деди Итибаев.

Ал медициналык туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик стратегия бекитилиши керектигин кошумчалады.

258
Белгилер:
кардар, туризм, медицина
Тема боюнча
Сагынбаева: Бишкекте эстетикалык медицина кызматынын баасы арзан
Россияда ооруканалардын биринин буфетинде эмгектенген Кайырбүбү Абдыкадырова. Архивдик үрөт

Абдыкадырова: өпкөмдүн 56 пайызы COVID менен жабыркап айыктым

801
Россияда ооруканалардын биринин буфетинде эмгектенген Кайырбүбү Абдыкадырова кантип коронавирустан айыкканын айтып берди.

Вирус өпкөмдүн 56 пайызын жабыркатыптыр. Бул тууралуу Кайырбүбү Абдыкадырова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Абдыкадырова: өпкөмдүн 56 пайызы COVID менен жабыркап айыктым

Анын айтымында, COVID-19 вирусун кайдан, кантип жуктуруп алганын өзү билбей калган.

"Россияда ооруканалардын биринде буфетте иштейм. Бир күнү эле тамагым кычышып, кадимки тамак оорунун белгилери байкалды. Врачка көрүнсөм жөн эле тамак оорусу деп сормо дары жазып берди. Аны колдонуп дагы 4-5 күн үйдө болдум. Бирок оору жоголбой эле күндөн-күнгө күчөп, дене табым 38,5 градуска чыга баштады. Башка дарыгерге барып көрүнсөм алар өпкөнү компьютердик томографиядан өткөрүп, 56 пайызын вирус жабыркатканын айтышты. Андан соң мени Тез жардам менен COVID-19ду дарылаган бейтапканага алып кетишти. Жалпысынан 10-11 күн абдан кыйналдым, ооруканага жаңы барганда өз алдынча дем ала албай аппаратка туташтырышты. Тамакка болгон табитиң жоголуп, көкүрөк тушуң катуу ооруйт экен. Жашым 60ка барып калгандыктан, чынында корктум. Медиктер мыкты дарылагандыктан айыгып кеттим", — деди Абдыкадырова.

Ал вирус аныкталганга чейин беш ирет COVID-19га анализ тапшырып, баары таза чыкканын кошумчалады.

801
Белгилер:
ден соолук, Россия
Тема боюнча
Иманалиев: COVID-19дан улам быйылкы эс алуу тартиби бир топ өзгөрөт
Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин бөлүм башчысы Талант Турдуматов

Турдуматов: аңчылыкка тыюу салынса браконьерчилик күчөп кетиши ыктымал

18
Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин бөлүм башчысы Талант Турдуматов аңчылыктын айрым түрлөрүнө мораторий киргизүү боюнча мыйзам долбоору бул багыттагы мурдагы укуктук документтерди кайталап жатканын айтты.
Турдуматов: аңчылыкка тыюу салынса браконьерчилик күчөп кетиши ыктымал

Аңчылыкка тыюу салуудан мурда егерлердин штатын чечүү керек. Ал үчүн 500 миллион сом каражат керектелет. Ансыз браконьерчилик күчөп кетүүсү ыктымал. Бул тууралуу Талант Турдуматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылдагы өкмөттүн токтомунда жаныбарлардын айрым түрлөрүнө 2026-жылга чейин аңчылык кылууга тыюу салынган.

"Аңчылыкка убактылуу тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору 2015-жылдан бери төртүнчү жолу каралып жатат. Бул жолкусунда да эч кандай өзгөрүүсүз эле сунуштап жатышыптыр. Анткени көп жылдан бери аңчылык кылууга тыюу салынган жаныбарлардын тизмесине маралды кошуп келишет. Ал эми бул жаныбарды атууга буга чейин эле тыюу салынган. Өлкөдө мергенчиликке уруксат берилген аянт 15 миллион гектар болсо, анын алты миллиону өкмөттүн карамагында. Ал жерде 2016-жылдан баштап аңчылык толугу менен токтотулган. Ал эми калган аймактарды атайын ушул багытта иш алып барган фирмалар карайт. Алардын 160-170тей мергенчиси өзүнө таандык аянтты коруп, көзөмөлгө алышат. Эгерде мыйзам долбоору өтүп кетсе, жеке менчик фирмалар көзөмөл кылган жерлер каралбай калат. Себеби өкмөт көзөмөл кылган 6 миллион гектар аянтта 43 егер иш алып барат. Ошондуктан мораторий киргизиштен мурда 160 адистин штатын чечүү зарыл. Ал үчүн 500 миллион сом керектелет. Эгерде мындай болбосо, браконьерчилик көбөйүп кетүүсү ыктымал", — деди Турдуматов.

Ошондой эле ал бардык жаныбарларды атууга тыюу салууга да болбой турганын белгилеп, себеби жаныбарлар арасында ар кандай ылаң жайылганда кооптуу жагдай жарала турганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, 29-майда "Кыргыз Республикасында жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аңчылык кылууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Анда 2026-жылдын 31-декабрына чейин бир катар жаныбарларга аңчылык кылууга убактылуу тыюу салуу каралган.

18
Белгилер:
аңчылык, жаныбарлар, мораторий
Тема боюнча
Кадыров: жаныбарларды атууга тыюу салган мыйзам долбоорунун терс жактары көп
Талкаланган кароолкана. Архивдик сүрөт

Жолтандабас айдоочусунун жоругу. Toyota талкалай сүзгөн кароолканадагы окуя

237
(жаңыланган 01:06 07.06.2020)
Тартип коргоо органдарындагы маалымат булактар Sputnik агенттигине мас айдоочу Кеминге бара жаткан жолдо бир нече блокпостту жөөлөп, сүзүп кеткенин айтып беришти.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Toyota айдоочусунан жабыркаган Темир Мырзабек, Бишкектин борборундагы окуя болгон жердин күзөт кызматкери Sputnik Кыргызстанга чатак боюнча өзүнүн версиясын айтып берди.

Милициянын маалыматына караганда, ал будканы 17:20 чамасында талкалай сүзгөн. Окуя Тоголок Молдо көчөсүнүн түндүктү көздөй кеткен бөлүгүндө, тагыраагы, Токтогул менен Киев көчөлөрүнүн ортосунда болгон. Видеону Алимджан Валиев Facebook баракчасына жарыялады. Мырзабектин айтымына караганда, Toyota Land Cruiser жол тандабасынын айдоочусу болжол менен 17:20 чамасында бир топ эле катуу келип кирген.

"Мен жакындап барсам, мас экен. Айтыша кеттим. Урушкум келген жок. Кайра будкага келип отурдум. Ал короодон кайра айдап чыгып келе жатып, мен отурган кароолкананы үч ирет сүздү. Анын алдында чыга качканга үлгүрдүм. Баарын сөктү, кофейнянын дагы бир күзөт кызматкери менен урушту да машинасына отуруп кетип калды", — деди ал.

Айдоочу кирип келе жатып темир тосмону сүрүп кеткен.

Тартип коргоо органдарынын кызматкерлери Sputnik агенттигине ал аталган жерге келгенге чейин Ахунбаев көчөсүндө да жол кырсыкка кабылганын айтып беришти. Автокырсыктын кандай болгону аларга так маалым боло электигин айтышты. "Перехват" планы жарыяланып, издөө башталган.

30 жаштагы айдоочуну Кемин районунан кармашкан. Автоинспекторлордун бир нече ирет токто дегенине көнбөй, жолун улаган. Тартип коргоо органдарындагы маалымат булактар Sputnik агенттигине айдоочу Кеминге бара жаткан жолдо бир нече блокпостту жөөлөп, сүзүп кеткенин айтып беришти.

237
Белгилер:
куугун, блокпост, айдоочу, мас, Токмок, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкек: Land Cruiser айдаган киши күзөтчүнүн будкасын талкалап, мушташкан видео