Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетинин профессору Каныбек Осмоналиев

Осмоналиев: билимди улуттук идеологияга айлантканда гана өнүгөбүз

175
Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетинин профессору Каныбек Осмоналиев кыргыз эли билимге умтулган калк экенин айтты.
Осмоналиев: билимди улуттук идеологияга айлантканда гана өнүгөбүз

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери улуттук идеология жок деген түрдүү кептер айтылып жүрөт. Бул чынында орчундуу маселе. Бирок идеологияны туура тандоо жоопкерчиликтүү кадам. Мындай пикирин Каныбек Осмоналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кыргыз элинин илим-билимге болгон кызыгуусун эске алуу менен көп улуттуу өлкөдө билимге умтулууну улуттук идеологияга айландыруу шарт.

"Калкы билимдүү өлкөнүн келечеги жаркын, экономикасында өнүгүү болот. Ынтымакты туу тутуп, бардык турмуштук маселелерди ийкемдүүлүк менен чечкенге аракет кылат. Кыргызстандын экономикалык жактан өнүкпөй жатышынын башкы себеби - улуттук идеологиянын жоктугу. Буга чейин "Манас" эпосун, дагы башка нерселерди мамлекеттик идеологияга айландырууга аракеттер жасалды. Бул жакшы нерсе, бирок жылдан-жылга билим берүү системасы талкаланып жаткан өлкөдө эч кандай идеологияны кура албайбыз. Кыргыз калкы байыртадан илим-билимге, жаңычылдыкка умтулган улут. Мына ушуну өзөк кылып алып, мамлекеттин идеологиясын түптөшүбүз керек. Биз билим алууга, келечек муунга сапаттуу билим берүүгө умтулганыбызда гана өлкөдө болуп жаткан турмуштук көйгөйлөр чечилет", — деди Осмоналиев.

Окумуштуу ошондой эле мамлекеттин идеологиясын түптөө менен алектенген атайын мекеме болушу зарылдыгын кошумчалады.

175
Белгилер:
билим, идеология, Каныбек Осмоналиев
Тема боюнча
Мусаев: жаныбардын калдыгынан жасалган сувенирлерди туристтер сатып албайт
Жазуучу, сценарист Төлөнбай Жолдошов. Архив

Жолдошов: "Манас" кара сөз менен жазылса 500-600 китеп топтому чыкчудай

45
Жазуучу, сценарист Төлөнбай Жолдошов манасчы Сагынбай Орозбаковдун варианты боюнча беш китептен турган роман жазып бүтүргөнүн маалымдады.
Жолдошов: "Манас" кара сөз менен жазылса 500-600 китеп топтому чыкчудай

Беш жыл ичинде кара сөз түрүндө"Манас" эпосунун беш китеби жазылды. Чынында 500-600 китеп топтомун жазса деле болчудай. Бул тууралуу Төлөнбай Жолдошов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, "Манас" эпосу — кыргыз элинин руханий байлыгы жана улуттук сыймыгы.

Талантбеков: "Манастагы" белгисиз сөз Кытайдагы көлдүн аталышы болуп чыкты

"2014-жылы "Манас" тууралуу бир саат 40 мүнөттүк кино тартуу үчүн Сагынбай Орозбаковдун вариантында сценарий жазгам. Каражат болбогондуктан сценарийди роман кылып жазып чыгууга белсендим. Чынында бул эбегейсиз чоң түйшүк болуп, талыкпас эмгекти талап кылды. Алгачкы китепти 2015-жылдын июнь айында баштап 2017-жылдын декабрында аяктадым. Таң калычтуусу — биринчи китепти 2,5 жылда жазсам, акыркы үч томун тогуз айда бүтүрүп салдым. Кийинки китептердин жазылышы жеңилирээк болду. Анткени башында китепке баарын батырууга аракет кыла берипмин. Көрсө андай мүмкүн эмес экен. Көңүл коюп жаза турган болсок, 500-600дөй китеп чыкчудай. Мисалга дүйнө адабиятында бир окуя бир чыгарма катары жазылса, "Манас" жалаң эле окуялардан турат. Анын баарына токтолуп, образдарды ачып, көркөмдөп жазып чыгуу мүмкүн эместей", — деди Жолдошов.

Жазуучу каражаттын жетишсиздигинен улам ар бири 200 нускадан болуп, жалпы 1000 нуска китеп чыкканын кошумчалады.

45
Белгилер:
жазуучу, китеп, Манас эпосу
Тема боюнча
Талантбеков: "Манаста" клуб, бар, жер төлө деген маанини түшүндүргөн сөз бар
Электр станциялары ААКсынын энерго-жабдыктарды оңдоо жана эксплуатациялоо кызматынын башчысы Улукбек Мамыралиев. Архив

Мамыралиев: Токтогул суу сактагычынан чыккан суу андан кийинки беш ГЭСке барат

193
(жаңыланган 13:25 11.08.2020)
"Электр станциялары" ААКсынын энерго-жабдыктарды оңдоо жана эксплуатациялоо кызматынын башчысы Улукбек Мамыралиев көп жылдан бери суунун арбын келген учуру боло электигин белгиледи.
Мамыралиев: Токтогул суу сактагычынан чыккан суу андан кийинки беш ГЭСке барат

Токтогул суу сактагычынан чыккан суу андан кийин жайгашкан беш ГЭСке барат. Бул тууралуу Улукбек Мамыралиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү былтыркы жылга салыштырмалуу 2,4 миллиард куб метрге аз.

Кышында эл жарыксыз калбайбы? Жээнбековдун актуалдуу суроого жообу

"Токтогул суу сактагычында 19,5 миллиард куб метр суу топтоого мүмкүн. Андан ашканын кое бергенге туура келет. Мындай процесс көп жылдан бери боло элек. Анын үстүнө сууну агызып жиберүү үчүн щитти көтөрүүгө 10-15тей адамдын эмгеги керек. Ал тийиштүү мекемелердин макулдашуусу аркылуу ишке ашат. Башкача айтканда, саналуу киши сүйлөшүп алып щитти ачып, сууну кое бере албайт. Бул абдан татаал процесс. Демек, суу сатылып жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Акыркы жылдары сууну бош кое берүүгө зарылдык жарала элек. Себеби суу сактагычта 14,2 миллиард куб метр гана суу болуп жатат. Өткөн жылы бул көрсөткүч 16,6 миллиард кубду түзгөн. Токтогул суу сактагычына видео байкоо орнотулуп, тыкыр көзөмөлгө алынган. Анда иштетилген, кирип-чыккан суу онлайн көзөмөлдөнүп турат. Токтогул суу сактагычынан чыккан суу андан кийинки жайгашкан беш ГЭСке барып түшөт", — деди Мамыралиев.

Ошондой эле ал суу сактагычта суунун жетиштүү болушу табияттан көз каранды экенин кошумчалады.

193
Белгилер:
ГЭС, Токтогул суу сактагычы, электр энергиясы
Тема боюнча
Баатырбеков: күз-кышта ооруканалардын жылуу болушуна өзгөчө көңүл бурулууда
Сотрудники правоохранительных органов во время акции протеста в Минске

Минскиде милиция демонстранттарды борбордон сүрүп чыга баштады

0
(жаңыланган 01:25 12.08.2020)
Аскерлер желим октору бар куралдар жана тарсылдак гранаталар менен камсыздалган. Деген менен аларды колдоно элек.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Беларустун ички аскерлери жүздөгөн митингчилерди "Пушкин" метросунан Минскинин түндүк-батыш тарабына сүрүп таштаганын РИА Новости жазды.

Оппозициячыл тарап 10-августта милиция менен элдин ортосунда кагылышуу болгон жерге шейшемби күнү кечинде дагы чогулган.

Милиция аларды шаар четине сүрүп чыгарып жатат. Каршылык көрсөткөндөр жана баш ийбегендер кармалууда.

Аскерлер желим окторду атуучу куралдар жана тарсылдак гранаталар менен камсыздалган. Деген менен ал куралдарды колдоно элек. Азырынча калканына дубинканы чапкылоо менен чектелүүдө.

Метро жана ага жакын жердеги дүкөндөр жабылган. Минск шаарынын борбордук бөлүгүнө атайын даярдыктагы аскерлер жайгаштырылып, абалга көзөмөл жүрүүдө.

Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жекшембиде өткөн президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялады. Учурдагы мамлекет башчысы Александр Лукашенко 80,08 пайыз добуш менен жеңип чыкты. Анын атаандашы Светлана Тихановская 10,09 пайыз менен экинчи сапка чыккан.

Лукашенконун атаандашы Тихановскаяны коопсуз жайга алып чыгып кетишкен

Шайлоонун жыйынтыгына макул эмес тарап нааразычылык акциясын уюштуруп, эл менен милициянын ортосунда кагылышуу чыккан. Акция учурунда үч миңдей адам кармалып, уюштуруучуларга жана катышуучуларга кылмыш иштери козголгон.

0
Белгилер:
акция, шайлоо, Митинг, Беларусь
Тема боюнча
Минскидеги башаламандык таңга жуук токтоду
Лукашенконун атаандашы Тихановскаяны коопсуз жайга алып чыгып кетишкен