Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Пакыров: аймактардагы ишкерлерге көбүрөөк көңүл буруу керек

© Sputnik / Табылды КадырбековДиректор бизнес-ассоциации ЖИА Фархат Пакыров
Директор бизнес-ассоциации ЖИА Фархат Пакыров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖИА бизнес ассоциациясынын аткаруучу директору Фархат Пакыров региондогу ишкерлерге жардам берүү үчүн бизнес-кербен долбоорун тандап алганын айтты.
Пакыров: аймактардагы ишкерлерге көбүрөөк көңүл буруу керек

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында өткөн бизнес-кербенге миңге жакын ишкер катышып, жыйынтыгында жүздөй келишим түзүлдү. Бул тууралуу Фархат Пакыров Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эми мындай бизнес-кербен 14-мартта Ысык-Көлдө өтмөкчү.

"Региондордогу ишкерлерге кантип жардам бере алабыз деген маселе көтөрүлүп, акыры бизнес-кербен долбооруна токтолдук. Байкасак, мындай иш-чаралар борбор калаада гана өтүп, аймактагы ишкерлерге анча көңүл бурулбайт экен. Ош, Жалал-Абад жана Баткен жергесинде өткөн бизнес-кербен ийгиликтүү аяктагандыктан, эми 14-мартта Ысык-Көлдүн Каракол шаарында бишкектик жана жергиликтүү ишкерлердин эки тараптуу жолугушуусу күтүлүп жатат. Мындай аракеттер бизнес жаатында иш алып баргандардын бири-бири менен кызматташуусуна мыкты көпүрө болуп берет", — деди Пакыров.

Ал, мындан сырткары, Кыргызстандын булуң-бурчуна Чехия жана Түркиядан да ишкерлер келип турарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0