Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жороев: май куюучу жай менен турак үйдүн арасы 50 метрден кем болбошу керек

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Бишкекбашкыархитектура" башчысынын орун басары Марат Жороев
Бишкекбашкыархитектура башчысынын орун басары Марат Жороев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бишкекбашкыархитектура" башчысынын орун басары Марат Жороев келечекте кооптуу делген май куюучу жайлар башка жерге көчүрүлө турганын айтты.
Жороев: май куюучу жай менен турак үйдүн арасы 50 метрден кем болбошу керек

Май куюучу бекет менен турак жайдын арасы 50 метрден кем болбошу керек. Бул тууралуу Марат Жороев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 50 метр аралыкты сактабаган бекеттерди жылдыруу кажет.

"Турак жайлардын арасында салынган май куюучу жайлар боюнча 2013-жылы мораторий киргизилген. Мыйзамсыз салынган АЗСтерди жылдыруу маселеси Бишкек шаардык кеңештин депутаттары тарабынан буга чейин да каралып келген. Келечекте кооптуу делген бензин куюучу жайлар толугу менен алып салынат же ордун алмаштырат. Бул боюнча эл да кайрылып, депутаттар аталган маселени карап жатат. Бекитилген курулуш эрежелерине ылайык, турак жай менен АЗСтердин аралыгы 50 метрден кем болбошу керек. Эгер мындай эреже сакталбаса, ал объект жылдырылышы зарыл", — деди Жороев.

Ал өзгөчө Тоголок Молдо — Киев, Токтогул — Исанов көчөлөрүндөгү май куюучу бекеттерди башка жакка которуу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0