Мамлекеттик салык кызматынын декларациялоо, салыктар жана төлөмдөр башкармалыгынын улук инспектору Өзөрбек Молдобаев

Молдобаев: мүлк ээлери да салык декларациясын тапшырышы керек

217
Мамлекеттик салык кызматынын декларациялоо, салыктар жана төлөмдөр башкармалыгынын улук инспектору Өзөрбек Молдобаев жарандар 194 кыска номери аркылуу салык төлөөгө байланышкан бардык суроолоруна жооп ала аларын айтты.

Салык декларациясын мүлк ээлери да тапшырууга милдеттүү. Бул тууралуу Өзөрбек Молдобаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, декларацияны жарандар Мамлекеттик салык кызматынын www.sti.gov.kg дарегинде жайгашкан расмий сайты аркылуу онлайн тапшырса да болот.

"Салык декларациясын ишкерлик менен күбөлүк алып алектенгендер, патент менен иштегендер жана өлкө аймагында өзүнө катталган мүлкү бар адамдар тапшырууга милдеттүү. Жеке ишкерлер салыктык каттоодон өткөн жеринен декларация тапшырса, ал эми мүлк ээлери паспорттук каттоосу кайсы районго караса, ошол жердеги Мамлекеттик салык кызматына кайрылуусу зарыл. Салык декларациясына тиешелүү бардык маалыматтарды биздин расмий сайт аркылуу же 194 кыска номерине чалып билсе болот", — деди Молдобаев .

Ал салык декларациясын 1-апрелге чейин тапшырбагандарга айып пул салынарын кошумчалады.

217
Белгилер:
мыйзам, декларация, салык, Өзөрбек Молдобаев
Тема боюнча
Нусупбеков: декларацияны убагында тапшырбагандарга айып салынат