Жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө республикалык борборунун адиси Жибек Урбаева

Урбаева: колду самындап жууп туруу менен көп оорунун алдын алса болот

337
"Жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө" республикалык борборунун адиси Жибек Урбаева чач тарач, кафе, ресторандарга барганда гигиена эрежелерин талап кылуу керектигин айтты.

Биздин борбор жугуштуу оорулардын алдын алуу үчүн окутуу, үйрөтүү иштери менен алектенет. Бул тууралуу Жибек Урбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, адамдар жөнөкөй эле колду самындап жууп туруу эрежесин сактаса, көптөгөн жугуштуу оорулардан оолак болот.

"Жугуштуу оорулардын алдын алуунун негизги эрежеси — бул өздүк гигена. Коомдук транспорттон түшкөндөн кийин кол алышып учурашкан соң тамактанаар алдында, тамактан кийин колду сөзсүз түрдө самындап жууш керек. Майда, бирок маанилүү мындай адаттар көптөгөн оорулардын алдын алат. Ошондой эле өзгөчө чач тарачка барганда, сыркоолоп турганда ийне сайдырууда, дарыканалардан дары-дармек сатып алууда, коомдук тамактануучу жайларда керектелүүчү прибор, идиш-аяктардын тазалыгын талап кылуу зарыл", — деди Урбаева.

Ал аталган борбор тейлөө кызматындагы адистерге жугуштуу дарттардын алдын алуу боюнча атайын тренингдерди өтүп турарын кошумчалады.

337
Белгилер:
дарт, ден соолук, гигиена
Тема боюнча
Итибаев: медициналык туризмди өнүктүрүү керек