Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Усупбеков: иш жарманкесине жумуш издегендердин баары катыша алат

© Фото / Нурбек КалкатаевЭмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ишке орношууга көмөк көрсөтүү башкармалыгынын башчысы Бактыбек Усупбеков. Архив
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ишке орношууга көмөк көрсөтүү башкармалыгынын башчысы Бактыбек Усупбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ишке орношууга көмөк көрсөтүү башкармалыгынын башчысы Бактыбек Усупбеков 15-мартта борбор калаада өтүүчү иш жарманкесине 40ка чукул иш берүүчү компаниялар катышарын айтты.
Усупбеков: иш жарманкесине жумуш издегендердин баары катыша алат

Жумуш издегендер менен иш берүүчүлөрдү жолуктурган иш-чара Кыргызстандын эл аралык университетинин башкы корпусунда өткөрүлөт. Мындай маалыматты Бактыбек Усупбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна билдирди.

Анын айтымында, жарманкеде мектеп окуучулары жана студенттер үчүн кесип тандоо, ишке орношуу боюнча пайдалуу тренингдер өткөрүлөт.

"Борбор калаада иш жарманкеси ар ай сайын жогорку окуу жайлар менен биргеликте өтүп турат. Бул ирет Турусбеков көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде жайгашкан Кыргызстандын эл аралык университетинде болот. Ага иш берүүчү 40 компания катышат. Алардын ичинде банк, мейманкана адистиктерине да талап бар. Жолугушууга бардык иш издегендер катыша алат. Мындай иш-чаралардын ар биринде резюме калтырган адамдардын 10 пайызы иш менен камсыз болуп келет. Андан сырткары, мектеп окуучуларына кесипти туура тандоо боюнча, студенттерге жумушка орношууну үйрөткөн тренингдер өткөрүлүп, кызыктуу тесттер жүргүзүлөт", — деди Усупбеков.

Ал жарманке саат 10:00дөн 13:00гө чейин уланарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0