Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сакаева: айдоочу кыздар кардардын балдарын багып турган учурлар болот

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги кыз-келиндер такси кызматын көрсөткөн фирманын жетекчиси Гулиза Сакаева
Бишкектеги кыз-келиндер такси кызматын көрсөткөн фирманын жетекчиси Гулиза Сакаева  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектеги кыз-келиндер такси кызматын көрсөткөн фирманын жетекчиси Гулиза Сакаева өзү да бир жылдан бери эл ташып, такси айдайт.
Сакаева: айдоочу кыздар кардардын балдарын багып турган учурлар болот

Учурда биздин фирмада 35 кыз-келин айдоочу болуп иштейт. Кардарларыбыз көбүнесе мектеп окуучулары жана студенттер. Бул маалыматты Гулиза Сакаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аял кишилер иштеген такси эртең мененки саат 6:00дөн кечки 21:00гө чейин кызмат көрсөтөт. Андан кийинки убакытка атайын чакыруу болуп калса да тейлегенге даяр турушат.

"Аялдар айдоочулук кылган такси кызматын ачуу идеясы өз турмушумдан улам жаралды. Өзүм 8 баланын энесимин. Балдарымды жалгыз багам. Буга байланыштуу борборубуздагы такси фирмаларынын биринде айдоочу болуп иштеп калдым. Ошондон улам аял кардарларды кыз-келиндер тейлесе ыңгайлуу болорун түшүндүм. Ачылганыбызга аз убакыт болсо да учурда 35 айдоочубуз бар. Туруктуу кардарларды таап баштадык десек болот. Биздин кардарлар көбүнесе мектеп окуучулары жана студенттер. Ата-энелер балдарынан сарсанаа болбой, окуусуна жетип алышы үчүн аял кишилер көрсөткөн такси кызматынан колдонууну жактырышат. Ошондой эле жаш энелер үчүн да биздин кызмат ыңгайлуу. Мисалы, бир чүрпөсүн ооруканага же бала-бакчага алып барышы керек болсо, башка балдарын кароого киши жок болуп калган учурлар көп эле кездешет эмеспи. Мындайда биздин айдоочулар жардамга келет. Алар эне баласын керектүү жерге алып барып, жумушун бүтүрүп чыкканча, экинчи баласын унаанын ичинде карап турушат. Бул үчүн акы деле сурабайбыз", — деди Сакаева.

Маектешибиз элди унааны ижарага алып тейлей турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0