Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдырахманова: шаарыбыздын тазалыгы элдин колунда

© Sputnik / Табылды КадырбековГлава отдела озеленения городского департамента в Бишкекской мэрии Нурия Абдырахманова
Глава отдела озеленения городского департамента в Бишкекской мэрии Нурия Абдырахманова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек мэриясынын шаардык чарба департаментинин көрктөндүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Нурия Абдырахманова ар бир адам өзүнүн айланасын таза кармаса шаар таза болорун айтты.
Абдырахманова: шаарыбыздын тазалыгы элдин колунда

Бишкек шаарынын тазалыгы элдин колунда. Мындай пикирин Нурия Абдырахманова Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаары жылдан-жылга тазарып баратат.

"Шаарыбыздын тазалыгы боюнча балдарыбызга кичине кезинен тарта үйрөтүшүбүз зарыл. Ар ким өзү жашаган аймакты таза кармаса эле таза болот. Шаардын тазалыгы элдин колунда. Мурдагы жылдарга салыштырмалуу Бишкек жылдан-жылга тазарып баратат. Таштанды чогулткан, тазалыкты караган кызматкерлерибиз дээрлик бардык жумушту кол менен жасайт. Мына ушул жаатта атайын мини механизмдер каралышы керек", — деди Абдырахманова.

Ал шаарды көрктөндүрүү иштери план боюнча кетип жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0