Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бообекова: тааныбай туруп алыстан сүйүү психологияга зыян

© Sputnik / Асель АкматалиеваАга окутуучу, педагогика илимдеринин кандидаты жана психолог Кадиян Бообекова. Архив
Ага окутуучу, педагогика илимдеринин кандидаты жана психолог Кадиян Бообекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ага окутуучу, педагогика илимдеринин кандидаты жана психолог Кадиян Бообекова түгөй тандоодо ушул менин адамым деген ой көп учурда жаңылыштык болуп каларын айтты.
Бообекова: тааныбай туруп алыстан сүйүү психологияга зыян

Тааныбай туруп алыстан сүйүү адамдын психологиясына зыян. Бул тууралуу Кадиян Бообекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, адамды жакындан билбей туруп, менин адамым деп эсептеп алуу жаңылыштык.

"Түгөй тандоодо бир адам менен кыска убакыт көрүшүп, аны өзүнүн кишиси деп эсептөө көп учурда жаңылыш болуп калат. Ушул меники деген кызыгуу үч күндөн же үч сааттан кийин өтүп кетиши толук мүмкүн. Мисалы, базарда бир кийим жагып, дагы араласаң андан дагы жакшылары чыга берет эмеспи. Ошол сыңары кызыгуулар да алмашып турат. Ошондуктан бир үй-бүлөнүн отун тутантар алдында өмүр бою чогуу жашай турган адамыңды жакындан таанып, анын мүнөзүн жакшы билүү өтө маанилүү", — деди психолог.

Ал "ушул менин кишим" деген ой жакындан тааныганда гана пайда болушу керектигин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0