Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Чынара Эсенгул: маданияты төмөн өлкөдө экономика эч качан өнүкпөйт

© Sputnik / Табылды КадырбековСоздатель федерации Иайдо Чынара Эсенгул
Создатель федерации Иайдо  Чынара Эсенгул - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иайдо федерациясынын түзүүчүсү, 5-дандагы чебер Чынара Эсенгул япон улуту менен кыргыздардын маданиятында окшоштуктар көп экенин айтты.
Чынара Эсенгул: маданияты төмөн өлкөдө экономика эч качан өнүкпөйт

Япон эли Кыргызстанга келип калганда көчөдөгү таштандыларды көрүп "силер үйүңөрдө да акыр-чикирди ушинтип ыргытып коесуңарбы" деп таң калышат. Бул тууралуу Чынара Эсенгул Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде "Маданият төңкөрүшү" долбоору тууралуу маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, япон элинин экономикасынын тез өсүп кетүүсүнүн башкы себеби калктын маданияттуулугунда болгон.

"Япондордун иайдосу — бул самурайлардын кылыч менен урушкан согуштук техникасы эле эмес, биринчи кезекте алардын этика кодексин түшүндүрөт. Жалпы япон улуту мына ушул этиканы мыйзам катары кабыл алып, маданияттуулукту, пунктуалдуулукту жакшы өздөштүргөн. Анткени алар II Дүйнөлүк согуштан кийин маданиятсыз өлкөнүн экономикасында өсүш болбой турганын түшүнүшкөн. Мындай жазылбаган мыйзамдар кыргыздарда деле бар. Мисалы, журт которгондо ата-бабаларыбыз жашаган жерин тазалап кеткен. Жаратылышка абдан аяр мамиле жасаган. Тилекке каршы, азыркы учурда биз бул маданияттан бир аз алыстап кеттик. Кыргызстанга келип калган япондуктар көчөдөгү таштандыларды көрүп ызаланышат. "Мекениңерди эмнеге өз үйүңөрдөй көрбөйсүңөр" деп сурашат. "Маданият төңкөрүшү" иш-чарасында биз эки элдин түпкүлүгүндөгү мына ушул окшоштуктарын ачып бергенге аракет кылабыз", — деди спорт чебери.

Ал аталган долбоордун алкагында 24-марттан 7-апрелге чейин өлкөнүн бардык аймактарында ар кандай маданий иш-чаралар өткөрүлөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0