Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин талаачылыкты, үрөнчүлүктү жана органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Адилет Нарынбеков

Нарынбеков: дыйкандар насыяны максаттуу колдонсо көйгөй жаралбайт

170
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин талаачылыкты, үрөнчүлүктү жана органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Адилет Нарынбеков айрым дыйкандар насыяны максатсыз алып, аны өз убагында кайтара албай кыйналып жатканын айтты.

Көпчүлүк учурда дыйкандар насыя алууда аны кайра кайтаруу жолун эске албайт. Бул тууралуу Адилет Нарынбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, насыяны көпчүлүк жер иштеткендер жана фермерлер белгилүү бир багыты жок алууда.

"Дыйкандар насыя алып жатканда жумшала турчу багытын так аныктап алышы керек. Маселен, талаачылыкка же мал чарбачылыкка белгилүү бир өлчөмдө каражат коротулат деп максаттап алса, кийин аны кайра кайтаруу жеңил болот. Бирок алар насыяны белгилүү бир багыты жок алып, каражатты өз убагында кайтаруу, пайыздык өлчөмдөргө тийиштүү ар кандай маселелерге туш болууда. Дыйканчылыкка сарптайбыз деп насыя алып, аны башка жакка колдонгондор да бар. Мына ушундай көрүнүштөрдөн улам төлөөгө келгенде бир топ кыйынчылыктар туулууда. Ошондуктан насыя ала турчу дыйкан-фермерлер сөзсүз түрдө ал каражаттын сарптала турчу багытын аныктап, кийин төлөө шартын, пайыздарын тактап алышы кажет. Насыя максаттуу алынса, маселе жаралбайт", — деди Нарынбеков.

Ошондой эле ал дыйкындарды техника менен камсыз кылууда мамлекеттик лизинг программасы ишке ашырылып жаткандыгын кошумчалады.

170
Белгилер:
дыйкан, насыя
Тема боюнча
Асеков: 2013-жылдан бери 29 млрд. сомдон ашык жеңилдетилген насыя берилди