Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кызалаков: 82 жаштагы волейбол ойногон ата-апалар бар

© Sputnik / Табылды КадырбековВице-президент федерации волейбола КР Женишбек Кызалаков
Вице-президент федерации волейбола КР Женишбек Кызалаков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КРдин Волейбол федерациясынын вице-президенти Жеңишбек Кызалаков Кыргызстан боюнча 135 миңден ашык адам волейбол ойной турганын айтты.
Кызалаков: 82 жаштагы волейбол ойногон ата-апалар бар

КРдин Волейбол федерациясында 10 жаштан 82 жашка чейинки волейбол оюнчулары бар. Бул тууралуу Жеңишбек Кызалаков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, волейбол спорттун башка түрлөрүнө салыштырмалуу коопсуз.

"КРдин Волейбол федерациясында 10 жаштан 82 жашка чейинки ата-апалар волейбол ойнойт. 70тен ашкан кемпир-чалдар жаштарга мотивация берип, спорт менен машыгууга шыктандырып турат. Бизде энелердин да өзүнчө волейбол лигасы бар. Бул оюндун башка спорттун түрлөрүнөн артыкчылыгы жаракат алуу коркунучу төмөн жана ар бир каалоочу ойной алат. Биздин федерациянын статистикасына таянсак, өлкө боюнча 135 миңден ашуун адам волейболго кызыгат", — деди Кызалаков.

Ал кыргыз волейболу улуттук оюндардын катарына кирип калганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0