Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жаналиев: көзгө толумдуу көчөт отургузууга аракеттенип жатабыз

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын жашылдандыруу муниципалдык ишканасынын жетекчисинин орун басары Рысалы Жаналиев
Бишкек шаарынын жашылдандыруу муниципалдык ишканасынын жетекчисинин орун басары Рысалы Жаналиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарынын жашылдандыруу муниципалдык ишканасынын жетекчисинин орун басары Рысалы Жаналиев буга чейин борбор калаага кичинекей көчөттөр отургузулуп, бир кыштан чыкпай калып жатканын айтты.
Жаналиев: көзгө толумдуу көчөт отургузууга аракеттенип жатабыз

Бишкек шаарына эки жылдан бери көзгө толумдуу көчөттөр отургузулуп жатат. Бул тууралуу Рысалы Жаналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кичинекей көчөттөрдү жаш балдар ойноп сындырып салчу.

"Буга чейин жыл сайын эле кичинекей көчөттөр отургузулуп, аны жаш балдар сындырып же каралбай, бир кыштан чыкпай калчу. Алар көзгө көрүнүп, бак болгончо 15-20 жыл талап кылынат. Ошондуктан былтыр да, бул жылы да биз көзгө көрүнүктүү көчөттөрдү отургузууга аракет кылып жатабыз. Бак тиккенде тамыр отурчу жери кенен болуп, топурагы 100 пайызга алмашуусу тийиш. Тоскоолдуксуз өсүшүнө бардык шарттарды түзүп беришибиз шарт", — деди Жаналиев.

Ал көчөт башка жерге которулганда кадимкидей стресс болуп, суу ичкиси келерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0