Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мурзашев: Бишкектеги 150 гана тез татым түйүнүн көзөмөлдөй алабыз

© Sputnik / Асель АкматалиеваГлава отдела гигиены питания ЦГСЭН Махамат Мурзашев
Глава отдела гигиены питания ЦГСЭН Махамат Мурзашев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун бөлүм башчысы Махамат Мурзашев тез татым түйүндөрү өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн күндөн тарта үч жылга чейин көзөмөлдөнбөй турганын айтты.
Мурзашев: Бишкектеги 150 гана тез татым түйүнүн көзөмөлдөй алабыз

Тез татым түйүндөрүн иштеткендер кардарлардын коопсуздугуна өздөрү жооп берет. Бул тууралуу Махамат Мурзашев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жыл сайын пландык текшерүүлөр өтүп турат. Бирок калган убакта арыз келип түшмөйүнчө текшерүү жүргүзүүгө укугу жок.

"Бишкекте 150 гана тез татым түйүнү биздин көзөмөлдө. Калган бул багыттагы тамактануучу жайлар шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан тескелбейт. Себеби мыйзам боюнча андай объектилер өз ишмердүүлүгүн баштаган күндөн тарта үч жыл биздин карамагыбыздан сырткары болушат. Бирок жыл сайын пландык негизде аларды текшерип турууга укуктуубуз. Ошондой эле жарандардан арыз түшсө да текшерүү жүргүзүлөт. Ал эми калган учурда тамактануучу жайларды эч ким көзөмөлдөбөйт жана кардарлардын коопсуздугуна жеке ишкерлер өздөрү жооптуу болуп эсептелет", — деди Мурзашев.

Ошондой эле ал 2019-2020-жылдар аралыгында тамактануучу жайларды текшерүүгө мораторий киргизилгендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0