МигрантИшкер ишкерлик курсунун негиздөөчүсү Данияр Эмил. Архив

Данияр Эмил: бизнес баштоо үчүн көп акчанын кереги жок

277
(жаңыланган 17:35 26.03.2019)
"МигрантИшкер" ишкерлик курсунун негиздөөчүсү Данияр Эмил бизнес баштоого каражат жок деген пикир жөн гана шылтоо экенин айтты.
Данияр Эмил: бизнес баштоо үчүн көп акчанын кереги жок

Ишкерлик баштоо үчүн чоң суммадагы акчанын кереги жок. Мындай пикирин Данияр Эмил Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бизнести алып кетүү үчүн иштин көзүн билүү жана адамдын өзүнө болгон ишеними жетиштүү.

"Көпчүлүк жаштар бир иш баштоодон коркушат. Тайманбастан эле алгачкы кадамды таштоо маанилүү. "Мен бул ишти алып кете албайм го" деген ой көпчүлүк учурда сабатсыздыктан жана ишенимдин жоктугунан жаралат. Бизнес баштоо үчүн тааныш жана акча керек деген жөн гана шылтоо. Эң башкысы, иштин көзүн билүү жана өзүнө болгон ишеним жетиштүү. Акчасы жок туруп чоң ишкерлик жасаса болот. Буга өзүм жана көптөгөн ишкер ага-эжелер мисал боло алат", — деди ал.

Данияр Эмил ийгилик адамдын өз колунда экенин кошумчалады.

277
Белгилер:
акча, ишкердик, бизнес
Тема боюнча
Москвада бизнес ачуу бир себептен улам оор. Кыргызстандык ишкердин тажрыйбасы
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы айдоо жерлерин өнүктүрүү, үрөн өстүрүү жана органикалык айыл чарба өндүрүш бөлүмүнүн жетекчиси Жигитали Жумалиев. Архив

Жумалиев: быйыл 680 миң тонна буудай алууну божомолдоп жатабыз

35
(жаңыланган 15:17 04.07.2020)
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы айдоо жерлерин өнүктүрүү, үрөн өстүрүү жана органикалык айыл чарба өндүрүш бөлүмүнүн жетекчиси Жигитали Жумалиев республикада оруп-жыюу иштери башталгандыгын билдирди.
Жумалиев: быйыл 680 миң тонна буудай алууну божомолдоп жатабыз

Өлкөнүн айрым аймактарында оруп-жыюу иштери жүргүзүлүүдө. Пандемияга байланыштуу азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында быйыл дан эгиндери 20 миң гектарга көп эгилди. Натыйжада 680 миң тонна буудай алууну божомолдоп жатабыз. Бул тууралуу Жигитали Жумалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып маалымдады.

Анын айтымында, талаа жумуштарын ийгиликтүү өткөрүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү боюнча өкмөттүн буйругу чыккан.

"Кылкандуу дан эгиндерди оруп-жыюу иштери Баткендин Кадамжай районунда 11-июнда башталган. Андан кийин Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарында жүргүзүлө баштады. Өкмөттүн буйругун аткаруу максатында облустук, райондук штабдар иш алып барууда. Анын алкагында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноонун графиги иштелип чыкты. Анда кайсы райондо дан эгиндери бышып кала турганына ылайыкталып, комбайндардын маршруттук схемасы бекитилген. Эң негизги максат техникаларды өз учурунда оңдоп-түзөөдөн өткөрүү боюнча тийиштүү иштер жасалууда. Ошондой эле дан эгиндери быша элек аймактардан комбайндар, оруп-жыюу иштери жүрүп жаткан жерлерге тартылууда. Быйыл буудайдын түшүмдүүлүгү гектарынан 30-34 центнерден болуп жатат. Бул былтыркыга салыштырмалуу 1,5 центнерге көп дегенди билдирет. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында комбайн акысына дыйкандар 3000 сомдон жогору төлөшүүдө. Ал эми Чүй облусунда бул көрсөткүч 1,5-2 миң сомдун айланасында болуп жатат. Мындан тышкары, пандемияга байланыштуу өлкөнү азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында быйыл дан эгиндери 20 миң гектарга көп эгилди. Алсак, буудай сегиз миң гектарга көбүрөөк себилген. Быйыл 680 миң тонна буудай алууну божомолдоп жатабыз", — деди Жумалиев.

Ошондой эле оруп-жыюу иштерин өз учурунда бүтүрүү аракети менен бирге эгин талааларында өрт чыгуу коркунучунун алдын алуу иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

35
Белгилер:
түшүм, Кыргызстан, эгин, дан
Тема боюнча
Жекшенкулов: Россияда Кыргызстандан келген мөмө-жемишке талап күч
Медицина илимдеринин доктору, профессор Талант Батыралиев. Архив

Батыралиев: учурда элди пандемияга каршы мобилизациялоо зарыл

65
(жаңыланган 13:34 04.07.2020)
Медицина илимдеринин доктору, профессор Талант Батыралиев адамдар коронавирустун өзүнөн эмес, өнөкөт ооруларынын өтүшүп кеткенинен каза болуп жатканын айтты.
Батыралиев: учурда элди пандемияга каршы мобилизациялоо зарыл

Бүгүнкү күндө эл социалдык тармактарды көп колдонгондуктан маалыматты ошол жактан алып жатат. Республикалык штабдын, Саламаттыкты сактоо министрлигинин пресс-кызматы бул тармакты жетиштүү деңгээлде колдоно албай жаткандай. Мындай пикирин Талант Батыралиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, азыр жетишсиздик тууралуу сөз болсо эле эл дүрбөлөңгө түшүп, дароо ошол нерсени сатып ала баштаган абалда калды.

"Канадалык окумуштуулардын расмий түрдө тараткан маалыматын карасак, пандемия учурунда 20-25 пайыз өнөкөт илдет менен жабыркагандар ооруканага коронавирус жугуп калат деп коркуп барган эмес экен. Ал эми 20 пайызга жакынына дарыгерлери бейтапканадан вирус жуктуруп алуу коркунучу бар экенин айтып, барбай турууну сунуштаган. Ошентип жалпы 40 пайызга жакын өнөкөт оорусу барлар өз убагында ооруканага кайрылбагандыктан, дарты оорлошуп кеткен. Мындай көрүнүш бизде деле болуп жатат деп ойлойм. Азыр вирус жуктуруп алгандардын саны күн сайын өсүүдө. Күндө чет мамлекеттен жердештерибиз келип жатат. Андыктан эң негизгиси элди пандемияга каршы мобилизациялоо маселеси турат. Себеби вирустун өзүнөн адам өлбөйт. Адам өнөкөт ооруларынын өтүшүп кеткенинен каза болууда. Эгер коронавирустун белгилерин байкаса, ар бир адам үй-бүлөсүн, жакындарын коргош үчүн дароо, өзүн изоляцияга алышы абдан маанилүү. Бул иштер калктын калың катмарына майдаланып, түшүндүрүлүшү керек", — деди Батыралиев.

Профессор коронавирустан коргонуу жоопкерчилиги мамлекеттик же аймактык эмес, үй-бүлөлүк деңгээлде сакталышы зарылдыгын кошумчалады.

65
Белгилер:
коронавирус, оору, илдет, Талант Батыралиев
Тема боюнча
Батыралиев: жүрөк ооруларынан жылына 18 миң киши көз жумат
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив

Песков Путиндин "унутуп калган" көйнөгүн саткан жарнама боюнча айтып берди

0
(жаңыланган 20:13 04.07.2020)
Жарнамада көйнөк отелдин номерин тазалап жатканда табылгандыгы, бирок андан кийин атайын жуулбагандыгы, эгерде керек болсо сатуучу аны экспертизага берүүгө даяр экендиги айтылган.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Интернеттеги "Россия президенти Владимир Путиндин унутуп таштап кеткен көйнөгү сатылат" деген кабарга лидердин маалымат катчысы Дмитрий Песков комментарий берип, ага ишенбеш керектигин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Элге белгилүү болгон сайттардын бирине Нижний Новгород аймагындагы Sheraton мейманканасына президент Путиндин унутуп таштап кеткен көйнөгү сатылат деген жарнама чыккан. Анда көйнөк отелдин номерин тазалап жатканда табылгандыгы, бирок андан кийин атайын жуулбагандыгы, эгерде керек болсо сатуучу аны экспертизага берүүгө даяр экендиги айтылган. Көйнөк 165 миң рублга бааланган. Путин аталган шаарда соңку ирет 2019-жылдын 10-ноябрында Дене тарбия жана спортту өнүктүрүү боюнча президенттин алдындагы кеңештин отурумуна катышкан.

Путин жыйында калемин столго ыргытып жиберип, министрлерден отчёт сурады. Видео

Сатуучу көйнөк дагы деле сатыкта экендигин айткан. Анын сөзүнө караганда, "кийимдин президентке таандык экендиги боюнча жазылган эч кандай атрибуттар жок, бирок зарыл болсо ДНК-экспертизага берүүгө даяр".

Песков мындай кулактандырууларга ишене берүүгө болбой тургандыгын айткан.

"Жок. Андай болугу мүмкүн эмес", — деген ал көйнөк чын эле президентке таандык болушу мүмкүнбү деген суроого жооп берип жатып.

Путин буга чейиин журналисттерге кабинетиндеги жашыруун бөлмөсүн көрсөтүп, ал ЖМКларын эле эмес, коомчулуктун дагы кызыгуусун жараткан.

0
Белгилер:
отель, көйнөк, Владимир Путин, Россия
Тема боюнча
Путин кабинетиндеги жашыруун бөлмөсүн көрсөттү. Видео
Путин чүмбөттөлүп алып коронавируска кабылган жарандарын көрүп чыкты. Видео