Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сагынбаев: КР менен РФтин ортосунда 6 млрд. долларлык келишимдер түзүлдү

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Кыргызского союза промышленников и предпринимателей Жыргалбек Сагынбаев
Президент Кыргызского союза промышленников и предпринимателей Жыргалбек Сагынбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Жыргалбек Сагынбаев геология жаатында эки өлкө ортосунда түзүлгөн келишимдерге ылайык, аймактарды өнүктүрүүгө басым жасаларын айтты.
Сагынбаев: КР менен РФтин ортосунда 6 млрд. долларлык келишимдер түзүлдү

Кыргызстан менен Россиянын ортосунда өнөр жай, жер казынасын пайдалануу жана өлкөнү газ, күйүүчү май менен камсыздоо багытында жалпысынан алты миллиард долларлык келишимдер түзүлдү. Бул тууралуу Жыргалбек Сагынбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мындай ири келишимдерге республика эгемендүүлүк алгандан бери алгачкы жолу кол коюлуп жатат.

"Эки өлкө ортосунда 15ке чукул келишимге кол коюлду. Алардын жалпы суммасы алты миллиард долларды түзүп, аткаруу мөөнөтү беш жылды камтыйт. Келишимдер аймактарда кен, мунай затын чалгындоо иштери, таза суу тартыш жерлерге суу чыгаруу, Нарын облусуна газ жеткирүү, өлкөнү арзан күйүүчү май менен камсыздоого арналган. Өзгөчө кен байлыктарды чалгындоо иштери өлкө үчүн абдан керек. Анткени белгисиз жаткан кендерди ачып, иштетүү менен өлкө экономикасына чоң салым кошо алабыз. Ошондой эле Кыргызстандагы нефть булактарын таап иштетүү да эки өлкөнүн макулдашууларына кирди. Мындан сырткары, аймактарга чакан заводдорду куруу жана иштеп жаткан чакан заводдорду кеңейтүү маселелери да каралды", — деди Сагынбаев.

Ал аталган келишимдердин баарында экологияны сактоо маселеси биринчи орунда экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0