Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жалал-Абад драма театры май айында Россияны кыдырып спектакль коет

© Sputnik / Асель АкматалиеваБарпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театрынын адабий бөлүмүнүн башчысы Айгерим Дүйшө кызы
Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театрынын адабий бөлүмүнүн башчысы Айгерим Дүйшө кызы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театрынын адабий бөлүмүнүн башчысы Айгерим Дүйшө кызы аталган театрда учурда 130га чукул адам иштерин айтты.
Жалал-Абад драма театры май айында Россияны кыдырып спектакль коет

Театрга 2017-жылы мамлекет тарабынан кичиавтобус берилген. Жамаат былтыр ал бус менен республиканын дээрлик бардык аймактарын кыдырып оюн тартуулап келди. Бул тууралуу Айгерим Дүйшө кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, театр артисттери быйыл Нарын жана Ысык-Көл облустарына гастролго чыгууга камынып жатат.

"Барпы атындагы облустук театрда да башка мамлекеттик мекемелер сыяктуу кадр маселеси курч турат. Буга чейин 75 адам иштеп келсе, облустук деген макамга ээ болгондон кийин жетекчибиз жаш кадрларды тартууга алгылыктуу аракеттерди жасады. Ал үчүн атайын келишимдин негизинде борбордон окууну жаңы бүткөн 10 студент театрга жумушка алынды. Алардын тамак-ашы жана жаткан жери алгачкы эки ай аралыгында акысыз болуп, чыгымдарын театр өз мойнуна алды. Учурда иштегендердин саны 105ке чукулдап калды. Театрда өз кесибин берилип сүйгөн адамдар гана иштейт деген пикирге кошулам. Анткени эл эс алса да артисттер эс албай, мамлекет тарабынан берилген кичиавтобусту айдап алып, өлкөнү кыдырып гастролдоп жүрүшөт. Быйыл май айында Россияга барып, Мар Байжиевдин "Адашкан адам" деп аталган чыгармасын сахналаштырып, мекендештерибизге тартуулап келүүгө даярданып жатабыз", — деди Дүйшө кызы.

Ал чет элдеги кыргызстандыктарга аталган спектаклдин артынан эле ири программадагы концерт тартууланарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0