Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Имангазиева: 2019-жылы Бишкекте бир нече сквер пайда болот

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Адиса Имангазиева. Архив
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Адиса Имангазиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Адиса Имангазиева 2019-жылы борбор калаада дагы бир нече сквер ачыларын айтты.
Имангазиева: 2019-жылы Бишкекте бир нече сквер пайда болот

Мыйзамсыз берилген жерлерди шаар балансына кайтаруу боюнча былтыр жакшы иштер жүрдү. Бул тууралуу Адиса Имангазиева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ижара мөөнөтү бүтсө да пайдаланып жүргөн же мыйзамсыз басып алган жерлерди шаарга кайтарууда Бишкек шаардык кеңеши чечкиндүү кадамдарга барып жатат.

"2018-жылы мыйзамсыз иштетилип жаткан жерлерди шаар балансына өткөрүүдө бир топ алгылыктуу иштер жасалды. Мисалы, Ибраимов менен Москва көчөлөрүнүн кесилишинде "Шахматный" деген кичинекей сквер ачылды. Мындан сырткары, Сүйүнбаев менен Гоголь көчөлөрүнүн кесилишиндеги унаа токтотуучу жай алынып, көчө ачылды. Быйыл дагы мындай майда, бирок маанилүү иштер улана бермекчи. Айта кетсем, Чүй проспектиси менен Манас көчөсүнүн кесилишиндеги дүкөндүн алдына кичинекей сквер, ошондой эле Улуттук академиялык опера жана балет театрынын алдына да эс алуу аянтчасын куруу пландаштырылууда", — деди Имангазиева.

Ал ошондой эле мындай эс алуу бактары жаңы конуштарга да ачыларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0