Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жороев: балконго "үй сатылат" деп жазууга тыюу салынат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын жетекчисинин орун басары Марат Жороев. Архив
Бишкекбашкыархитектура муниципалдык ишканасынын жетекчисинин орун басары Марат Жороев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын жетекчисинин орун басары Марат Жороев борбордогу көрнөк-жарнактар иретке келтирилерин айтты.
Жороев: балконго "үй сатылат" деп жазууга тыюу салынат

Бишкектин сырткы көрүнүшүн иреттөө максатында, илинген көрнөк-жарнактар боюнча атайын мыйзам долбоору даярдалып, шаардык кеңешке сунушталды. Ал депутаттар тарабынан жактырылса, иреттөө иштери башталат. Бул тууралуу Марат Жороев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган мыйзамды сактабагандарга айып пул салынат.

"Көрнөк-жарнактар боюнча тиешелүү мыйзам жок. Ошондуктан аны көзөмлдөө ар кайсы органга жүктөлүп калган. Мисалы, биздин ишкана жарнак илинчү жерди караганыбыз менен жарнаманын өңү-түсү, маани-маңызына кирише албайбыз. Мамлекеттик тил комиссиясы жарнаманын мазмунун гана карайт. Жыйынтыгында ар ким өз каалаган форматында жарнак илип, шаардын сырткы көрүнүшү бузулууда. Биз бул маселени чечүү максатында Бишкек шаардык кеңешине мыйзам долбоорун сунуштадык. Ага ылайык, эгер бир имаратта кафе, ресторан жайгашса, фасады бир өңчөй болуусу керек. Ошондой эле жарнамасынын көлөмү эске алынат. Мындан сырткары, балконго "үй сатылат", "имарат ижарага берилет" деген сыяктуу жазуу илгенге болбойт. Мыйзам күчүнө кирсе, эрежени сактабагандарга айып пул салынат", — деди Жороев.

Ал мындай эрежелер алгач борбор калаада ишке кирсе, кийинчерээк аймактарда колго алынарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0