Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Акматова: мегаполистер олимпиадасынан быйыл күмүш алуу ниетибиз бар

© Sputnik / Табылды КадырбековРуководитель одного из отделов Управления образования мэрии Гульмира Акматова
Руководитель одного из отделов Управления образования мэрии Гульмира Акматова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын билимди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Акматова Москва шаарында өтчү мегаполистер олимпиадасына 26 мамлекеттин 36 шаарынан мектеп окуучулары катышарын айтты.
Акматова: мегаполистер олимпиадасынан быйыл күмүш алуу ниетибиз бар

Москва шаарынын мэри Сергей Собяниндин чакыруусу менен Бишкек шаарынын мектеп окуучулары 2016-жылдан бери физика, химия, информатика жана математика сабактары боюнча эл аралык мегаполистер олимпиадасына активдүү катышып, алдыңкы орундарга татыктуу болууда. Бул тууралуу Гүлмира Акматова Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эми бул жылы Россияда өтчү мегаполис олимпиадасынан кыргызстандык окуучулар күмүш медалга жетиши керек.

"Москва шаарынын мэри менен 2016-жылы келишим түзүлүп, үч жыл катары менен аталган олимпиадага Бишкек шаарынын окуучулары катышып келет. Мегаполис олимпиадасына 26 мамлекеттин 36 мегаполисинен келген окуучулар катышат. Ар бир шаардан төрт сабак боюнча сегиз мектеп окуучусу тандап алынат. 2016-жылы Кыргызстандан барган окуучулар үч коло медаль, 2017-жылы барган окуучулар беш коло медаль алып, арасынан эки окуучубуз Москвадагы ЖОЖдордо билим алып жатат. Ал эми 2018-жылы барган окуучулар да беш коло медалын багындырышты. 26 мамлекеттин ичинен 3-орунду алуу биз үчүн чоң сыймык. Эми бул жылы күмүш медалын алып келели деген максатыбыз бар", — деди Акматова.

Ал 2019-жылы өтө турган аталган билим сынагына республикалык олимпиададан уткандар катышарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0