Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Айдоочу: бир кепка ашык жүктөлүп калса, "контрабанда" деп артка кайтарышты

© Sputnik / Табылды КадырбековСоода-өнөр жай палатасынын транспорт боюнча комитетинин төрагасы Талантбек Маткерим уулу. Архив
Соода-өнөр жай палатасынын транспорт боюнча комитетинин төрагасы Талантбек Маткерим уулу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соода-өнөр жай палатасынын транспорт боюнча комитетинин төрагасы Талантбек Маткерим уулу "Ак-Тилек" өткөрүү пунктундагы жүрүп жаткан текшерүүлөр ЕАЭБдин эрежелерине дал келбестигин айтты.
Айдоочу: бир кепка ашык жүктөлүп калса, "контрабанда" деп артка кайтарышты

Казакстан тарап алар аркылуу үчүнчү мамлекетке чыкчу жүктөрдү да бирден текшерип жатат. Мындай мамиле жүк ташуудагы эл аралык эч кайсы келишимдерге туура келбейт. Бул тууралуу Талантбек Маткерим уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маалымдады.

Анын айтымында, "Ак-Тилек" — ЕАЭБдин талабына жооп берген, бардык керектелүүчү жабдыктары бар жалгыз өткөрмө пункту.

"Ак-Тилек" өткөрмө пунктундагы абал 19-мартта башталган. Алгач коңшу мамлекет өзүндөгү саясий абалдан улам келип чыккан кыска мөөнөттөгү текшерүү катары маалымдаган. Бирок учурда алар мониторинг жүргүзүп жатканын айтууда. Албетте, алардын өз чек арасында мониторинг жүргүзүүгө акысы бар. Бирок эл аралык келишимдерге ылайык, Казакстанга кирчү гана жүктөрдү дыкат текшериши керек эле. Тилекке каршы, алар үчүнчү мамлекетке чыкчу жүктөрдү да дыкат текшерүүгө алып жатышат. Аталган өткөрмө пунктунда заманбап бардык техникалар бар, рентген аппараты коюлган. Товарды бир даанадан чачып кароонун эч кандай зарылчылыгы жок. Ошентсе да көп саатка созулган текшерүүлөрдөн кийин документтерден ар кандай мүчүлүштүктөрдү таап, артка кайтарып жатышат. Мисалга, бир жүк ташуучу унаада 1000 даана баш кийим жүктөлгөн деп документинде көрсөтүлгөн экен. Аңтарып текшере келгенде 1001 даана кепка чыгыптыр. Муну контрабанда деп артка кайтарышты. Ошондой эле документтердеги грамматикалык, техникалык каталар бар болсо да жүктү кайра Кыргызстанга кайтарып жатат", — деди Маткерим уулу.

Ал айдоочулар абал тез арада жөнгө салынарын күтүп жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0