Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Даниярова: аутист балдар 24 саат бою бирөөнүн көзөмөлүндө болууга муктаж

© Sputnik / Табылды КадырбековЮрист и основатель фонда "Аутизм победим" Анара Даниярова
Юрист и основатель фонда Аутизм победим Анара Даниярова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн, 2-апрель — Аутизмдин көйгөйлөрү тууралуу маалыматты жайылтуунун бүткүл дүйнөлүк күнү.
Даниярова: аутист балдар 24 саат бою бирөөнүн көзөмөлүндө болууга муктаж

Аутист балдар 24 саат бою бирөөнүн көзөмөлүндө болууга муктаж. Аларды жанынан бир адам дайыма карап турушу керек. Бул тууралуу "Аутизмди жеңебиз!" фондусунун түптөөчүсү Анара Даниярова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аутизм өлкөдөгү чоң маселелердин бири.

"Кыргызстанда аутизм чоң көйгөй жаратып жатканы баарыбызга эле көрүнүп турат. Биздин фондго да кайрылгандардын саны арбын. Балким мындай балдардын ата-энелери коомчулукка уялбастан эми чыгып жаткандыр. Бүгүнкү күндө өзгөчө балдарга 4000 сом жана аны караган кишиге 4900 сом өлчөмүндөгү жөлөк пул берилип келет. Бирок бул мүмкүнчүлүктөн бардык эле аутист балдар пайдалана бербейт. Анын да өзүнүн талаптары бар. Менимче, жөлөк пул мындай балдардын баарына берилиши керек. Анткени алар 24 саат бою бирөөнүн көзөмөлүндө болууга муктаж. Жанынан кетпей ар убак бир адам карап турууга тийиш", — деди Даниярова.

Ал бүгүн, 2-апрель, "Асанбай" арт-борборунда саат 18:30да "Аутизмди жеңебиз" аттуу кайрымдуулук концерти өтөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0