Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Джузупов: Кыргызстанда жылына 110-115 миң тонна кумшекер өндүрүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Ассоциации потребителей сахара Эрлан Джузупов
Президент Ассоциации потребителей сахара Эрлан Джузупов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кант керектөөчүлөр бирикмесинин президенти Эрлан Джузупов өлкөдө кант өндүргөн эки ири завод бар экендигин айтты.
Джузупов: Кыргызстанда жылына 110-115 миң тонна кумшекер өндүрүлөт

Улуттук статистикалык комитетинин билдиришинче, 2018-жылы өлкөдө 110-115 миң тонна кант өндүрүлгөн. Бул тууралуу Эрлан Джузупов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, республикада кызылчадан кумшекер жасоо менен негизинен "Кайыңды-Кант" жана "Кошой" заводдору алектенет.

"Кыргызстандыктар жылына 161 миң тонна кант керектешет. Ал эми жергиликтүү заводдор бул керектөөнү 100 пайыз камсыздай албайт. Андыктан өлкөгө Украина, Россия жана Белоруссия мамлекеттеринен кант экспорттолот. Алардын ичинен Украинадан келген кумшекердин сапаты жогору жана баасы арзан болгондуктан жакшы сатылат. Бирок жергиликтүү заводдор белоруссиялык компаниялар менен келишип алып, Украинадан алып келинген канттарга тыюу салууну сунуштап жатышат. Эгер жалпы экспортко тыюу салынып, жергиликтүү өндүрүүчүлөр республиканы толук камсыздай алса, бул кадамдарды түшүнсө болот. Ал эми бир гана тараптан келген канттардан баш тартуу базар баасынын жогорулашына алып келет", — деди Джузупов.

Ал атамекендик заводдордо жабдуулар эски болгондуктан атаандаштыкка туруштук бере албай жатат деген пикирин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0