Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сагынбаев: Кыргызстанда нефть чалгындоо иштери жүрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Кыргызского союза промышленников и предпринимателей Жыргалбек Сагынбаев
Президент Кыргызского союза промышленников и предпринимателей Жыргалбек Сагынбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Жыргалбек Сагынбаев Россия менен кол коюлган меморандумдардын алкагында Кыргызстанда нефть чалгындоо иштери жүргүзүлөрүн айтты.
Сагынбаев: Кыргызстанда нефть чалгындоо иштери жүрөт

Советтер Союзу убагында эле Фергана өрөөнүндө нефть булактары бар экени аныкталган. Андан азыркы учурда Түркмөнстан, Өзбекстан мамлекеттери өздөрүнө тиешелүү аймактарында колдонуп жатат. Бул тууралуу Жыргалбек Сагынбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, РФтин президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында эки өлкөнүн тиешелүү тармактарынын ортосунда аталган өрөөндө нефть чалгындоо иштерин жүргүзүү боюнча макулдашуулар жүргөн.

"Фергана өрөөнү нефтиге бай экени маалым. Кошуна мамлекеттер бул өрөөндөгү өздөрүнө тиешелүү аймактардын нефть булактарын колдонуп жатышат. Аталган жердин бир бөлүгү Кыргызстанга карагандыктан, нефть казуу үчүн чалгындоо иштери жүрөт. Мындай кадамдарды Кыргызстан Россия менен биргеликте ишке ашырат. Азырынча меморандумга кол коюлду. Эми алдыда эки өлкөнүн тиешелүү тармактары конкреттүү иштерди жүргүзүү үчүн келишимдерди түзөт. Бул иштерден кийин Кыргызстан Араб Эмирлигиндей нефтиге тунуп калбаса да, өлкө экономикасы сезилерлик көтөрүлөт деген ишеним бар", — деди Сагынбаев.

Ал нефть чалгындоо иштери кошуна мамлекеттер менен болгон чек араларды тактоо аракеттери менен чогуу жүргүзүлөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0