Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Карыпова: балдар канчалык китеп көп окуса, ошончолук кенен ой жүгүртөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКасымалы Баялинов атындагы республикалык балдар жана жаштар китепканасынын компьютердик бөлүмүнүн башчысы Нуркыз Карыпова
Касымалы Баялинов атындагы республикалык балдар жана жаштар китепканасынын компьютердик бөлүмүнүн башчысы Нуркыз Карыпова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Касымалы Баялинов атындагы республикалык балдар жана жаштар китепканасынын компьютердик бөлүмүнүн башчысы Нуркыз Карыпова китеп балдардын фантазиясын өркүндөтүүгө жардам берерин айтты.
Карыпова: балдар канчалык китеп көп окуса, ошончолук кенен ой жүгүртөт

Балдар канчалык китеп көп окуса, ошончолук кенен ой жүгүртөт. Мындай пикирин Нуркыз Карыпова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган китепкананын негизги максаты да балдарды китеп окуганга шыктандыруу.

"Видео, аудио жана электрондук китептер бул башка бирөөнүн фантазиясы экенин балдарга түшүндүрүп келебиз. Алар өздөрүнүн ой жүгүртүүсү, дүйнө таанымы кенен болушу үчүн китеп окушу керектигин айтабыз. Биздин китепкананын балалык бөлүмүндө жеткинчектер менен иштөө клубу бар. Ал жерде жумасына эки жолу биздин кызматкерлер окутат. Алгач мультфильмдерди көрүп, аудиолорду угуп, андан кийин китеп окуп беришет. Китеп окуу элестетүү жана фантазияны өркүндөтүүгө зор салым кошот", — деди Карыпова.

Ал баланы китеп окуганга кичинесинен баштап кызыктырыш керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0