Nomad коомдук спорт бирикмесинин маркетологу Айгерим Моношбекова

Моношбекова: "Жаз Деми" жарым марафону 14-апрелде өтөт

64
Nomad коомдук спорт бирикмесинин маркетологу Айгерим Моношбекова салттуу түрдө өткөрүлүп келе жаткан марафон коомчулукту сергек жашоого үндөй турганын айтты.

Акыркы үч жылдан бери уюштурулуп жаткан "Жаз Деми" жарым марафону бул жылы 14-апрелде өтөт. Мындай маалыматты Айгерим Моношбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, катышуучулар 5, 10 жана 21 бир чакырым аралыкка чуркашат.

"Жаз Деми" — бул жарым марафон. Ал акыркы үч жылдан бери өткөрүлүп келе жатат. Иш-чаранын башкы максаты коомчулукту сергек жашоого үндөө болуп саналат. Ага быйыл 1500 киши катышары күтүлүүдө. Жарыш 5, 10 жана 21 чакырым аралыктарына мерчемделип, "Манас" аэропортуна кетчү жолдо өткөрүлөт. Мелдеш 14-апрелге белгиленген", — деди уюштуруучу.

Ошондой эле ал жарышка катышууну каалагандардын саны көп болгондуктан, катыша турчу 1500 киши топтолуп, каттоо 2-мартта аяктаганын кошумчалады.

64
Белгилер:
апрель, марафон, жаз
Тема боюнча
Моношбекова: марафондон түшкөн каражаттын бир бөлүгү азиздерге бөлүнөт