Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жолочубеков: жаштар интернеттен акча табууга умтулуп жатат

© Sputnik / Асель АкматалиеваИшеналы Арабаев атындагы КМУнун колдонмо информатика кафедрасынын окутуучусу Нурсултан Жолочубеков
Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун колдонмо информатика кафедрасынын окутуучусу Нурсултан Жолочубеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун колдонмо информатика кафедрасынын окутуучусу Нурсултан Жолочубеков Кыргызстанда интернеттен акча табуу жаңы багыт экенин айтты.
Жолочубеков: жаштар интернеттен акча табууга умтулуп жатат

Кыргызстандык жаштар интернеттен акча табууга кызыга баштады. Мындай пикирин Нурсултан Жолочубеков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, интернеттен каражат табууга YouTube каналы ыңгайлуу.

"Биздин жаштар азыркы кезде интернеттен акча табууга кызыга баштады. Ошол эле учурда андан каражат тапкандар да бар. Алардын саны күн сайын өсүп, арасында мен да бармын. Албетте, бул жаатта иштеп жаткандар Америка, Европадагылардын санына жетпейт. Ошентсе да кыргыз жаштары аракет кылып, умтулуунун үстүндө. Интернеттен акча табуу үчүн аябай аракет кылыш керек. Эл эмнени каалайт, эмнени окугусу келип же эмнени көргүсү келерин билүү кажет. Элдин талабына туура келген продукт даярдасаң, катталуучулар көбөйүп, аудитория кеңейет. Бизде бул тармакта киреше табууга эң эле ыңгайлуусу — YouTube каналы. Ал жакта эң башкысы күчтүү идея керек", — деди Жолочубеков.

Ал ошондой эле социалдык тармактар аркылуу товарларды жарнамалап, белгилүү бир сумманы тапса болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0