Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова

Алмамбетова: Бишкектеги мүлк, жер тилкелери инвентаризацияланат

123
Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова каттоодон өткөн мүлктүн баарын шаар тургундары интернет аркылуу ачык көрө алышарын айтты.
Алмамбетова: Бишкектеги мүлк, жер тилкелери инвентаризацияланат

Бишкек мэри Азиз Суракматов шаардагы жер тилкелерди, имараттарды инвентаризациядан өткөрүү боюнча буйрук чыгарды. Мындай иш-чара Бишкекте өлкө эгемендүүлүк алгандан бери алгачкы ирет колго алынып жатат. Бул тууралуу Гуля Алмамбетова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, чыгарылган буйруктарга вице-мэрлер жоопкерчилик алып, ар кимиси өз тармагы боюнча иш жүргүзөт.

"Шаар балансында канча имарат бар, кайсы жер тилкеси каякка карай турганы боюнча ушул күнгө чейин так, иреттүү маалымат жок. Мэр бул кемчиликтерди жоюу үчүн шаар эсебиндеги жер, мүлктү инвентаризациялоого багытталган үч буйрук чыгарды. Ага вице-мэрлер жоопкер болуп, бардык тиешелүү башкармалыктар камтылды. Инвентаризациялоо иштери аяктаса, шаар калкы кайсы жерде эмне имарат шаарга карайт, кайсы жер тилкеси мэриянын карамагында экени тууралуу интернет аркылуу эле ачык маалымат ала алышат. Топтолгон маалыматтын баары иреттелип, мэриянын сайтына жайгашат. Ал жактан тиешелүү имараттын сүрөтүн басса, ал тууралуу толук маалымат алууга болот", — деди Алмамбетова.

Ал аталган аракеттер коррупциялык иштерге жол бербөөгө жана кошумча каражат булактарын аныктоо максатында жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

123
Белгилер:
Гуля Алмамбетова, Бишкек мэриясы, инвентаризациялоо
Тема боюнча
Сагынбаев: КР менен РФтин ортосунда 6 млрд. долларлык келишимдер түзүлдү
Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы фармакологу Жылдыз Жумагулова

Жумагулова: онкологияга чалдыккандарга кан тапшырып жардам кылса болот

11
Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы фармакологу Жылдыз Жумагулова онкологиялык илдетке чалдыккандарга жылдап дарыланууга туура келерин белгиледи.

Онкологияга чалдыккандар дары-дармек, медициналык жабдуу алуу үчүн каржылык жана кан донорлорунун жардамына муктаж. Бул тууралуу Жылдыз Жумагулова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Жумагулова: онкологияга чалдыккандарга кан тапшырып жардам кылса болот

Анын айтымында, онкологияга чалдыккандар үчүн өкмөт тарабынан каржы бөлүнөт, бирок ал жетишсиз.

"Кыргызстандын фармацевтикалык рыногу чакан болгондуктан көп компаниялар акыркы чыккан дарыларды алып келүүгө кызыкдар эмес. Башка ооруларга салыштырмалуу онкологияга чалдыккандар жылдап дарыланат. Ошондуктан бир жылга ченеп алынган дарылар кээде жетишсиз болуп калат. Мындан тышкары, медициналык жабдууларга дагы муктаждык күч. Мына ушул көйгөйлөрдү чечүү үчүн элдин көмөгү зарыл. Мисалы, балага диагноз коюлганда ата-энеге психологиялык дагы көмөк керек. Анткени муну кабыл алуу абдан оор болот. Ошондой эле тромбоциттик масса менен камсыздоонун наркы дагы жогору. Анткени ал он чакты донордун канынан даярдалат. Ошондуктан мүмкүнчүлүгү барлар онкологиялык илдетке чалдыккандарга деп кан тапшырса, бул дагы бир адамдын өмүрүн сактаганга жардам болот. Мындан тышкары, өлкөдө полиативдик көмөк дагы жөнгө салынган эмес. Аталган дартка чалдыккандар толук кандуу сакайбай калган учурлар кездешет. Онкологиялык илдетте чыдатпаган оору болот. Аны басаңдатуу үчүн наркотикалык багыттагы дарылар жазылат. Аны рецептсиз жок алуу мүмкүн эмес. Айрым медиктер муну жазып бербей койгон учурлар кездешет. Мына ушул багыттагы көмөктү дагы жолго салуу зарылдыгы бар", — деди Жумагулова.

Ошондой эле ал онкологиялык ооруга чалдыккандар табыптарга барып, дарыгерлерге кеч кайрылып калган учурлар да болуп жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Sputnik Кыргызстан радиосу онкологиялык илдетке кабылган балдарга жардам берүү максатында башталган алгачкы ири радиомарафонго катышты. Чогулган каражат долбоордун алкагында оорулууларга жана аларды дарылап жаткан дарыгерлерге жумшалат.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

 

11
Тема боюнча
Арзыкулов: онкологиялык ооруга кабылган балдарга ар бир адам жардам бере алат
Республикалык СПИД борборунун дарылоо бөлүмүнүн дарыгери Эркин Тостоков

Тостоков: өлкөдө 1500-2000дей адам ВИЧ менен ооруганын билбейт

10
Республикалык СПИД борборунун дарылоо бөлүмүнүн дарыгери Эркин Тостоков Кыргызстанда бүгүнкү күндө 11 006 адам расмий түрдө ВИЧ/СПИД инфекциясы менен каттоодо турарын айтты.

Биздин эң негизги көйгөй — ВИЧ инфекциясын жуктурган жаңы учурларды аныктоо болуп эсептелет. Үстүбүздөгү жылдын ноябрь ичи калк арасында инфекцияны анонимдүү жана бекер диагностикалоону жогорулатууга багытталган ыкчам тестирлөө боюнча иш-чаралар өткөрүлдү. Ошондой эле өлкөдөгү окуу жайларда, жаштар уюмдарында, мекеме-ишканаларда жана эл көп чогулуучу коомдук жайларда ВИЧ\СПИД илдети тууралуу маалыматты жайылтуу жана түшүндүрүү иштери жүрүп, атайын семинарлар, талкуулар болду. Бул тууралуу Эркин Тостоков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Тостоков: өлкөдө 1500-2000дей адам ВИЧ менен ооруганын билбейт

Анын айтымында, учурда ВИЧ илдети менен ооруган киши кайсы аймакта катталса, жашаган жерине карабастан ошол аймактын статистикасына кошулат.

"Быйыл он айдын жыйынтыгы боюнча 665 кишиден ВИЧ/СПИД аныкталды. Жалпысынан расмий түрдө Кыргызстанда 11 006 адам ВИЧ/СПИД инфекциясы менен каттоодо турат (Чүй – 2965, Бишкек – 2406, Ош облусу – 1634, Ош шаары – 1200 жана башка облустар). Анын 10395и кыргызстандыктар, ал эми калганы чет өлкөлүк жарандар. Бейтаптардын 63 пайызы эркек, ал эми 37 пайызы аял кишилер. Оорудан каза болгондордун саны 2385 кишини түзөт. ВИЧ илдетинин эң акыркы баскычы болгон СПИДге кабылгандар 1148 адамга жетти. Эл аралык, саламаттык сактоо уюмдары тарабынан жүргүзүлгөн атайын иш-чаранын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда болжол менен 1500-2000дей адам ВИЧ илдетин алып жүрөт жана алар ооруганын билбейт. Биздин негизги максат — ошол адамдарды таап, аныктап жана дарылоо иштерин жүргүзүү. 2000-2010-жылдары ВИЧ инъекциялык жол менен көбүрөөк тараса, азыр 80 пайыз жыныстык жол аркылуу жугуп жатат", — деди Тостоков.

Дарыгер бейтап дайыма антиретровирустук дарыларды ичип турса эле кадимкидей өмүр сүрүп, адамдарга оору жугузбай турганын, ал эми дарылар бекер берилерин эскертти.

10
Белгилер:
ВИЧ, СПИД, Кыргызстан, статистика, бейтап, Эркин Тостоков
Тема боюнча
Адис: COVID-19дун жаңы штаммы СПИД болгон адамда пайда болушу мүмкүн

БШКнын партия өкүлдөрү менен жолугушуусу. Түз эфир

0
Борбордук шайлоо комиссиясы автоматтык эсептөөчү урналардан түшкөн маалыматтын БШК сайтында туура эмес көрсөтүлүп калышы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында саясий партиялар менен жолугушуу өткөрүп жатат.

Иш-чарага "Жарандык көзөмөл" коомдук фонду менен ЖМКнын өкүлдөрү катышууда.

БШКнын имаратынын алдына парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгына макул эмес болгон партиялардын 100гө чукул тарапташы чогулду.

0
Белгилер:
БШК, сайт, саясый партия, жолугушуу
Тема боюнча
Депутаттар БШКнын мүчөлөрүн парламентке чакырып жатат
Добуштардын 40%ы саналды. Алдыда келе жаткан 7 партиянын тизмеси