Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Дамир уулу: эң мыкты ураандын авторуна 5000 доллар сыйлык ыйгарылат

© Sputnik / Табылды КадырбековМаданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу. Архив
Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу өлкөдөгү туризмди өнүктүрүүгө багытталган эң мыкты ураанды тандап алуу конкурсу өтүп жаткандыгын айтты.
Дамир уулу: эң мыкты ураандын авторуна 5000 доллар сыйлык ыйгарылат

Сынактын жеңүүчүсүнө 5000 доллар сыйлык ыйгарылат. Ошондой эле дагы үч мыкты ураандын ээсине 1000 доллардан байге берилет. Бул тууралуу Максат Дамир уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" уктуруусунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда сунушталган ураандардын саны 2000ден ашты.

"Чет өлкөлүк туристтерди кызыктырыш үчүн тийиштүү бренд керек. Ошондуктан туризм тармагын өнүктүрүүдө атайын ураан ойлоп табуу муктаждыгы пайда болду. Бул максатта былтыр августта атайын конкурс жарыялаганбыз. Сынак ачык өткөрүлүп, ага бардык 2000ден ашуун каалоочу сунуш жөнөттү. Жобо боюнча сынактын жыйынтыгы быйыл 1-апрелде чыгарылмак. Бирок сунуштардын көптүгүнөн мыктысын аныктоо кыйынга туруп, мөөнөтү 15-апрелге чейин узартылды. Тандоо атайын калыстар тобу тарабынан жүргүзүлөт. Мыкты ураандын авторуна 5000 доллар жана жакшы деп табылган үч ураандын ээсине 1000 доллардан сыйлыктар ыйгарылат", — деди Туризм департаментинин жетекчиси .

Ошондой эле ал Кыргызстанды туризм жаатында таанытууга багытталган логотип иштеп чыгуу демилгеси да көтөрүлүп жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0