Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

26 жаштагы мугалим: педагог менен окуучу дос болушу керек

© Sputnik / Табылды КадырбековОкутуучу Бакытбек Болгомбаев
Окутуучу Бакытбек Болгомбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окутуучу Бакытбек Болгомбаев мугалим окуучуну урушкандан пайда чыкпай турганын айтты.
26 жаштагы мугалим: педагог менен окуучу дос болушу керек

Мугалим окуучуга жашоодо ордун табууга жардам берип, аны менен дос болушу керек. Мындай пикирин Бакытбек Болгомбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, педагог бир гана мугалим эмес, психолог болууга да тийиш.

"Азыркы мектеп окуучулары жашоого жаңыча көз караш менен караган, билимге умтулган балдар, сезимтал келишет. Арасында жолун таппай жүргөндөр да бар. Бирок аларга мугалим жардамчы болушу кажет. Педагог бир гана педагог болбостон, ошол эле маалда психолог да болууга тийиш. Мугалим окуучу менен дос болуп, анын эмнени каалап жатканын билип, жашоодо ордун табууга жол көрсөтүп, багыт берген адам болушу зарыл. Аларды урушкандан, катуу айткандан, тилдегенден пайда чыкпайт. Чынында бала менен иштөө татаал. Мектепке ар кандай кыял-жоругу бар балдар келет. Аларды туура жолго салуу биздин колубузда", — деди Болгомбаев.

Ал ошондой эле мугалим сабакка кирерде терс энергиянын баарын сыртка таштап, класска күн сыяктуу нурун чачып кириши керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0