Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Адис ЖРТнын өтүүсүн көзөмөлдөй турган адамга коюлчу талаптарды атады

© SputnikГлавный специалист по администрированию Общереспубликанского тестирования Мээрим Кадырова
Главный специалист по администрированию Общереспубликанского тестирования Мээрим Кадырова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун ЖРТны өткөрүү боюнча адиси Мээрим Кадырова аталган тестти даярдоого 10 киши катышканын айтты.
Адис ЖРТнын өтүүсүн көзөмөлдөй турган адамга коюлчу талаптарды атады

Бул жылы жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) 18-22-май күндөрү өтө турганын Мээрим Кадырова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, тестти Кыргызстандагы жалпы бүтүрүүчүлөр эки этапка бөлүнүп тапшырат.

"Быйыл ЖРТны 18-22-май күндөрү өткөрөбүз. Бардык бүтүрүүчүлөр эки этапка бөлүнөт. Биринчи этап 18-19-май, экинчи этап 21-22-май күндөрү тест тапшырат. Негизи биздин коллектив аябай чакан болгондуктан, ЖРТ боюнча 10 эле киши иштейбиз. Ошондой эле тестти өткөрүү үчүн миңге жакын адам тандап алынат. Аларды бир күндүк тренингден өткөрүп, республиканын райондоруна жиберебиз", — деди Кадырова.

Ал тестирлөөнүн жүрүшүн көзөмөлдөй турчу адам 20-45 жаштагы чынчыл, кыргыз жана орус тилдерин билген, ден соолугу бекем болушу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0