Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Аширбаев: 2 миң көйгөйдүн 300дөйү милицияга тиешелүү болуп чыкты

© Sputnik / Зульфия ТургуноваОш облустук милициясынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев
Ош облустук милициясынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош облустук милициясынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев аталган аймакта акыркы беш айдан бери "Кылмыштын алдын алуу күнү" уюштурулуп келерин айтты.
Аширбаев: 2 миң көйгөйдүн 300дөйү милицияга тиешелүү болуп чыкты

Анын алкагында милиция кызматкерлери менен бир катар мамлекеттик кызматтын өкүлдөрү айыл-шаарларды түрө кыдырып, тургундардын көйгөйү менен жеринен таанышып, каттоого алып жатышат. Бул тууралуу Жеңиш Аширбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун жергиликтүү кабарчысы менен маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жашоочуларынын саны 100гө жетпеген тээ алыскы айылдардан бери милиция кызматкерлери кыдырып, жер-жерлердеги көйгөйлөрдү аныктап чыккан.

"Жети райондо жалпы 400дөй айыл болсо, учурда анын 150гө жакынын кыдырып чыктык. Иш-чара улантылат. Бул ар айдын акыркы жумасында жүрүүдө. Ошол эле күнү жалпы жыйын өтүп, кайсы көйгөйдү кайсы кызмат чечери талкууланып, тиешелүү адистерге тапшырмалар берилет. Беш ай ичинде катталган 2 миңден ашуун көйгөйдүн ичинен 300дөйү милицияга тиешелүү болуп чыкты", — деди Аширбаев.

Ал социалдык көйгөйлөр убагында чечилбей, ушул нерсе да кылмышка себеп болуп жатканы белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0